БУУ Буркина-Фасодогу мечитке болгон террордук чабуулду айыптады

БУУнун башкы катчысы 13-октябрда билдирүү жасап, Буркина-Фасо мечитиндеги террордук актыны катуу айыптаган.

Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, Антонио Гутерриш бул чабуулду айыптоо менен бирге жынаяттан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.
Белгилей кетсек, БУУнун Кооопсуздук кеңеши дагы бул террордук чабуулду айыптаган билдирүү жасаган.
Эске салсак, өткөн жума күнү белгисиз куралчан адамдар Буркина-Фасонун тундүк аймагындагы бир мечитке чабуул коюшуп, ичинде намаз окуп жаткан 16 адамды курман кылышкан.

Буркина-Фасодо акыркы жылдары кандуу кол салуулар көп болгон. Кол салуулар биринчи өлкөнүн түндүк аймактарында башталып, андан соң чыгыш аймактарына жайылуу менен борбор калаага чейин жеткен.
 

Буркина-Фасо өкмөтү быйыл 13 штаттын 7синде өзгөчө кырдаал жарыялаган. Ал эми 2015-жылда башталган террордук чабуулдардан азыркы учурга чейин 100дөгөн адамдар  курман болушкан.

Комментарий жиберүү