Орусия Кытайга алгачкы “Mi-171” тик учагын жеткирди

Орусиянын тик учак чыгарган компаниясы Кытайга “Mi-171” үлгүсүндөгү алгачкы учагын Кытайга жеткирип бергенин маалымдады.

Бул тууралуу «Fars News» агенттиги кабарлады.
Орусиянын тик учак чыгарган компаниясынын басма сөз катчысы Кытайдын “тик учак” көргөзмөсүндө “TASS” агенттигине өлкөнүн компаниясы Кытайга жеткириле турган “VK-2500” мотору менен “Mi-171” үлгүсүндөгү 12 тик учактын алгачкысын жетирип бергенин билдирди.

“2018-жылдын декабрь айында Лицзян тоолуу аймагында “VK-2500” мотору менен “Mi-171” үлгүсүндөгү тик учак көргөзүлгөн. Тик учак өрттөнүп жаткан жерлерге 3300 метр бийиктиктен 3 тонна суу таштоо миссиясын аткарган. Азыркы убакка чейин эч кандай үлгүдөгү тик учак мындай жумушту ишке ашыра элек”, – деди Орусиянын тик учак чыгарган компаниясынын басма сөз катчысы.

Буга чейин аталган компания Орусия менен Кытай ушул жылдын аягына чейин оор тик учак иштеп чыгуу боюнча келишимге кол коюшарын билдирген.

Комментарий жиберүү