Түркия Сириядагы чет элдик журналисттердин тобуна жана жай тургундарга сокку урду

Түркиянын аба күчтөрү Сириянын түндүгүндөгү чет элдик журналисттердин кербенине жана жай тургундарга сокку жасап, андан улам кеминде 9 киши набыт болгонун күрт булактары маалымдашты.

Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги жазды. Лондондо жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деп аталган уюм дагы түрк армиясынын чабуулун тастыктап, курмандыктардын саны өсүшү мүмкүн экенин билдирди.

Түркиянын армиясы 9-октябрда “террорчулукка каршы күрөшүү” жана “Сирия-Түркия чегарасын күрт кошуундарынан тазалоо” деген максат менен Сириянын түндүгүндө аскердик операция баштаган.

Анкара күрт кошуундарын террорчу деп эсептейт. Түркиянын Сириядагы бул аскердик операциясы эл аралык сынга кабылды.  Сириянын расмий өкүлдөрү сириялыктар өздөрүнүн аймактык бүтүндүгүн жана улуттук эгемендигин коргойт деп билдиришти.

Ал эми “Сириянын демократиялык күчтөрү”дагы Түркиянын кол салуусун толук масштабдуу согушка айлантабыз деп коркутту. Айрым булактардын маалыматы боюнча, түрк армиясынын операциясынан азыркы учурга чейин 270 киши набыт болду.

Комментарий жиберүү