БУУ Сириянын түндүгүндөгү аскердик окуяларга тынчсызданууда

БУУ Сириянын түндүгүндөгү аскердик окуяларга тынчсызданууда

БУУнун башкы катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик Сириянын түндүгүндөгү аскердик окуяларга жана бул аймактагы тургундардын жер которуп кетип жаткандыгына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу “ISNA” агенттиги жазды. “Al-Quds Al-Arabi” басылмасы маалымдагандай, Стефан Дюжаррик билдирүү жасап, анда БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Сириянын түндүгүндөгү көптөгөн жай тургундардын өлүмүнө жана 160 миндей  адамдын жер которушуна алып келген аскердик окуяларга тынчсызданып жатканын билдирди. “БУУнун башкы катчысы максималдуу сабырдуулукка чакырат жана ар бир аскердик операция эл аралык укукту, анын ичинде БУУнун…

Прочитайте больше

Автоунааларга бажы төлөмү кымбаттаса, соода кандай болот?

Автоунааларга бажы төлөмү кымбаттаса, соода кандай болот?

Буга чейин Кыргызстанга чет өлкөдөн алынып келине турган автоунаалардын бажы төлөмү жаңы жылдан баштап, 10 эсеге жогорулай турганы маалым болгон. 2019-жылдын 31-декабрында жеке адамдар тарабынан колдонуу үчүн, үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келинген автоунаалардан алынчу бажы алымдарынын жеңилдиги аяктайт. Буга айрымдар нааразычылыктарын айтып чыгышты. Автоунаа алып саткандар үчүн мындай шарт кыйла кымбат. Жыл жаңырышы менен автоунаалардын бажы төлөмдөрү кымбаттоо алдында турат. Автоунаа алып сатып тиричилик кылгандар, соодасы азыр да жакшы болбой турган чакта, төлөмдүн кымбатташы терс таасирин…

Прочитайте больше

Сириянын түндүгүндөгү Түркиянын баскынчылыгынан 160 миң адам жер которду

Сириянын түндүгүндөгү Түркиянын баскынчылыгынан 160 миң адам жер которду

Дүйшөмбү күнү БУУнун Баш катчысы Сириянын түндүгүндөгү Түркиянын аскердик аракеттеринин айынан буга чейин 160 миң адам жер которгонун билдирди. «Parstoday» агенттигинин маалыматына ылайык, БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерреш Сириянын түндүгүндөгү Түркиянын аскерлеринин чабуулдарына тынчсызданып жатканын жана аймактагы тирешүүлөрдү тез аранын ичинде азайтуу зарылдыгын билдирди. Түркия армиясы өткөн шаршемби күнү “Терроризмге каршы күрөшүү” жана “Сирия менен Түркиянын чек араларын Анкара террорист деп эсептеген күрттөрдөн тазалоо” деген шылтоо менен Сириянын түндүгүнө кол салып баштаган. Түркиянын вице-президенти Фуат Октай…

Прочитайте больше

Америкада акыркы 24 саатта ок атышуудан 74 адам жабыркады

Америкада акыркы 24 саатта ок атышуудан 74 адам жабыркады

Америкадагы куралдуу кол салууларды каттоо борбору 14-октябрда билдирүү жасады. Берилген маалыматтарга караштуу, Американын ар кандай штаттарында катталган ок атышуулардан 15 адам набыт кетип, 59у жаракат алган.Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги билдирди. Ок атышуу окуяларынын көбү Пенсильвания, Тенси, Индиана, Канзас жана Техас штаттарында болгон. Америка куралдуу кол салуулар менен барымтага алуу коркунучунун толкунуна кабылууда. Американын ар кандай аймактарында атышуудан улам жылына миңдеген адамдар набыт кетишет же жаракат алышаары белгиленди. Расмий маалыматтар боюнча, Америкада  270-300 млн. курал-жарактар катталган, мындайча…

Прочитайте больше

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  14-октябрда Баку шаарында (Азербайжан) Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) Жетинчи жыйынына катышуунун алкагында Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Жолугушуу Баку шаарына учуп келээри менен Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортунда өттү. Кыргызстан менен Казакстандын эки тараптуу кызматташтыгы боюнча пикир алышуу болду. Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевдин Түрк кеңешинин ардактуу төрагасы болуп шайланышы жана Түрк дүйнөсүнүн Жогорку ордени менен сыйланышын куттуктады. Орденди тапшыруу бүгүн, 15-октябрда, ТТМКК жыйынында болот. Президент…

Прочитайте больше