Автоунааларга бажы төлөмү кымбаттаса, соода кандай болот?

Буга чейин Кыргызстанга чет өлкөдөн алынып келине турган автоунаалардын бажы төлөмү жаңы жылдан баштап, 10 эсеге жогорулай турганы маалым болгон.

2019-жылдын 31-декабрында жеке адамдар тарабынан колдонуу үчүн, үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келинген автоунаалардан алынчу бажы алымдарынын жеңилдиги аяктайт. Буга айрымдар нааразычылыктарын айтып чыгышты. Автоунаа алып саткандар үчүн мындай шарт кыйла кымбат.

Жыл жаңырышы менен автоунаалардын бажы төлөмдөрү кымбаттоо алдында турат. Автоунаа алып сатып тиричилик кылгандар, соодасы азыр да жакшы болбой турган чакта, төлөмдүн кымбатташы терс таасирин тийгизет дешет. Ош шаарынын тургуну Хушит Нишановдун айтымында, азыр алармандар чет өлкөдөгү автоунааларды көбүрөөк талап кылышат. Эгер бажы төлөмү кымбаттаса, эл автоунаа сатып ала албай калат дейт.

Евразия экономикалык биримдигинин 2017-жылдын 20-декабрындагы чечими менен бирдиктүү тариф киргизилген. 2015-жылы Бажы союзуна киргенден кийин Биримдиктеги өлкөлөрдүн ортосунда бажы көзөмөл алынып салынган. Бажы кызматынын маалыматы  боюнча, үчүнчү өлкөлөрдөн кирген автоунаалар гана бажылык текшерүүдөн өткөрүлөт. Буга улай, ЕАЭБге кирип жатканда Кыргызстан 2020-жылга чейин бир топ жеңилдиктерди алган. Мындан улам, мөөнөтү жылбашы ыктымал дейт Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат катчысы Жаманак Мусурканов.

Ал эми Өкмөттүн жеңилдик берилген токтомунда электромобилдерге нөл ченем коюлган. Булар эч кандай бажы төлөм төлөбөстөн кирет. Ал эми гибриддик, жөнөкөй тил менен айтканда, жарымы бензин, жарымы электр энергиясы менен жүргөн автоунааларга да өзүнчө жеңилдиктер бар.

Бажы төлөмүнүн баасы кымбаттайт деген маалымат чыгаары менен автоунаа базарларында да турдуу кептер айтылууда. Жаңы машиналар келбей калса, автоунаа соодасы солгундап кетет. Жыйынтыгында алып-сатарлар зыянга учурап калышы мүмкүн. Америка, Жапония, Грузия жана Армениядан келген автоунааларга суроо-талап жогору болгондуктан, базар жаңы транспорттор менен толукталып турчу деди Оштогу “Жапалак” автоунаа базарынын кызматкери Замир Камилов. Эми кийинки жылдан андай болбой, соода кескин азайышы мүмкүн дейт ал.

Быйыл 9 айда Кыргызстанга үчүнчү өлкөлөрдөн 17 миңден ашык автунаа кирген. Булардан мамлекетке түшкөн каражаттын суммасы 1 млрд. 659 млн. 439 миң сомду түзгөн.

Ал арада Кыргызстандын Экономика министрлиги сырттан келген автоунааларга бажы салыгын 2025-жылга чейин өзгөртүүсүз калтыруу жолун карап жатканын билдирди. Тийиштүү документ ЕАЭБдин атайын жыйында сунушталат.

Комментарий жиберүү