Америкада акыркы 24 саатта ок атышуудан 74 адам жабыркады

Америкадагы куралдуу кол салууларды каттоо борбору 14-октябрда билдирүү жасады.

Берилген маалыматтарга караштуу, Американын ар кандай штаттарында катталган ок атышуулардан 15 адам набыт кетип, 59у жаракат алган.Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги билдирди.

Ок атышуу окуяларынын көбү Пенсильвания, Тенси, Индиана, Канзас жана Техас штаттарында болгон. Америка куралдуу кол салуулар менен барымтага алуу коркунучунун толкунуна кабылууда.

Американын ар кандай аймактарында атышуудан улам жылына миңдеген адамдар набыт кетишет же жаракат алышаары белгиленди.

Расмий маалыматтар боюнча, Америкада  270-300 млн. курал-жарактар катталган, мындайча айтканда ар бир жаранга 1 куралдан туура келет.

Американын бир канча укук коргоочу органдарынын курал сатууга тыюу салууну мыйзамдаштыруу боюнча берген сунуштарына карбастан, азырынча бул жаатта Ак үй эч кандай чечим кабыл ала элек.

Ал эми Дональд Трамп өлкөдө курал сатууну колдогон жетекчилерден болуп саналат.

Комментарий жиберүү