БУУ Сириянын түндүгүндөгү аскердик окуяларга тынчсызданууда

БУУнун башкы катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик Сириянын түндүгүндөгү аскердик окуяларга жана бул аймактагы тургундардын жер которуп кетип жаткандыгына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Бул тууралуу “ISNA” агенттиги жазды. “Al-Quds Al-Arabi” басылмасы маалымдагандай, Стефан Дюжаррик билдирүү жасап, анда БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Сириянын түндүгүндөгү көптөгөн жай тургундардын өлүмүнө жана 160 миндей  адамдын жер которушуна алып келген аскердик окуяларга тынчсызданып жатканын билдирди.

“БУУнун башкы катчысы максималдуу сабырдуулукка чакырат жана ар бир аскердик операция эл аралык укукту, анын ичинде БУУнун уставын жана эл аралык гуманитардык укукту сыйлашы керек деп эсептейт”, – деди Дюжаррик.

Анын айтымында, Гутерриш Сириянын түндүгүндөгү тирешүүнү тез арада токтотууга жана бардык тараптарды көйгөйлөрдү тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды. Гутерриш ошондой эле жарандык инфраструктураларды жана чыр-чатакка катышпаган жай тургундарды ар дайым коргоо керектигин баса белгиледи.

Гутерриш бардык тараптарды Сирия маселесин Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин №2254 чечиминин негизинде гана чечүүгө чакырды.

Комментарий жиберүү