Сириянын түндүгүндөгү Түркиянын баскынчылыгынан 160 миң адам жер которду

Дүйшөмбү күнү БУУнун Баш катчысы Сириянын түндүгүндөгү Түркиянын аскердик аракеттеринин айынан буга чейин 160 миң адам жер которгонун билдирди.

«Parstoday» агенттигинин маалыматына ылайык, БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерреш Сириянын түндүгүндөгү Түркиянын аскерлеринин чабуулдарына тынчсызданып жатканын жана аймактагы тирешүүлөрдү тез аранын ичинде азайтуу зарылдыгын билдирди.

Түркия армиясы өткөн шаршемби күнү “Терроризмге каршы күрөшүү” жана “Сирия менен Түркиянын чек араларын Анкара террорист деп эсептеген күрттөрдөн тазалоо” деген шылтоо менен Сириянын түндүгүнө кол салып баштаган.

Түркиянын вице-президенти Фуат Октай Түркиянын “Тынчтык булагы” аттуу операциясы башталгандан кийин, бул иш-аракеттин максаты – Сирияга тынчтыкты кайтаруу деп билдирген.

Айрым маалыматтарга караганда, кол салууларда буга чейин кеминде 270 адам каза болду.

Эскерте кетсек, Түркиянын армиясы Сирияга мындан үч жыл мурун дагы ушундай баскынчылык кылган.

Комментарий жиберүү