Кичи жана Улуу Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди

Кичи жана Улуу Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди

Афганистан Ислам Республикасындагы Кичи жана Улуу Памир аймагында жашаган этникалык кыргыздарга Кыргыз Республикасынан гуманитардык жардам жеткирилди. Гуманитардык экспедиция памирлик кыргыздарга азык-түлүк, жылуу кийим-кече, жылытуу мештери, дары-дармек, медициналык буюмдар жана башка эң керектүү болгон товарларды жеткирди. Бул үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 5 млн/ сом бөлгөн. Жалпы жүктүн салмагы 70 тоннаны түздү. Гуманитардык экспедициянын курамындагы медицина кызматкерлери андагы элди медициналык кароодон өткөрүп, төрөт кабыл алып жана катуу ооруп жаткандарга шашылыш жардамдарды көрсөтүштү. Мындан тышкары гуманитардык экспедициянын мүчөлөрү…

Прочитайте больше

Башар Асад: Сирия Түркиянын кол салуусуна бардык мыйзамдуу жолдор менен жооп кайтарат

Башар Асад: Сирия Түркиянын кол салуусуна бардык мыйзамдуу жолдор менен жооп кайтарат

Сириянын президенти Башар Асад кечээ, 17-октябрда Ирактын Улуттук коопсуздук боюнча кенешчиси Фалих аль-Файяд менен болгон жолугушуусунда “Дамаск Түркиянын Сириянын түндүгүндөгү кол салууларына бардык мыйзамдуу жолдор менен жооп кайтарат”, – деп билдирди. Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги жазды. Жолугушуунун жүрүшүндө, Башар Асад түрк армиясынын Сириянын түндүгүндө баштаган “Тынчтык булагы” аскердик операциясын “ачык агрессия” деп атап, “Сирия акыркы жылдары Түркиянын террордук союздаштарынын бир нече ирет жооп кайтарган жана бул жолу дагы Түркиянын чабуулдарына бардык мыйзамдуу жолдор менен каршы турат”, …

Прочитайте больше

БУУ Түркиянын Сирияга кол салууларын токтотуу чечимин колдоду

БУУ Түркиянын Сирияга кол салууларын токтотуу чечимин колдоду

БУУнун башкы катчысы 17-октябрда Түркиянын Сирияга аскердик операцияларын токтотуу чечимин кабыл алды. Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, Антонио Гутерреш Түркиянын Сирияга аскердик кол салууларын токтотуу чечимин кабыл алуу менен БУУ Сириянын түндүгүндөгү кагылышууларды токтотууга бардык аракеттерин жасаарын билдирди. Белгилей кетсек, Американын вице-президенти Майк Пенс Анкарага болгон сапарында өлкөнүн президенти менен жолугушуп, бир катар келишимдерди бекиткен соң, Түркия Сириядагы аскердик операцияларын токтотоорун жарыялаган. Берилген маалыматтарга караштуу, Америка Түркия менен Сириянын түндүк аймактарында 5 күнгө ок атуунун токтотууга макулдашышкан….

Прочитайте больше

Сионисттик режимдин аскерлери 51 палестиналыкты жарадар кылды

Сионисттик режимдин аскерлери 51 палестиналыкты жарадар кылды

Палестиналык ЖМКалар Наблус шаарында 51  палестиналык сионисттердин колунан жарадар болушканын кабарлашты. Бул тууралуу Tasnim агенттиги  Palestina al-Yaum каналына шилтеме берип маалымдады.Берилген маалыматтарга караштуу, 17-18-октябрларда Батыш Иордания жээгинде жайгашкан Набулс шаарына сионисттик аскрелер аркылуу кол салуу болуп, 51 палестиналык ар кандай жаракат алышкан. Белгилей кетсек, сионисттер аскерлери  Азирети Юсуф алейхи саламдын мүрзөсүнө сыйлабастык менен кирип барышкан. Натыйжада жергиликтүү палестиналыктар менен кагылышышып, аларды көздөн жаз агызуучу газ жана резина октор менен атышкан.

Прочитайте больше