Кытай менен Борбордук Азиянын бир жылдык соода алакасы 41,7 млрд.долларды түздү

Кытай Элдик кеӊеши жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасы өз өлкөсүнүн Борбордук Азия өлкөлөрү менен болгон соода жүгүртүүсү 15,9%га жогорулаганын билдирди.

“Fars News” агенттигинин маалыматына ылайык, Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн кызматтташуу конференциясынын 7-жыйыны Кытайдын Нэн Нинк шаарында болуп өттү. Кытай Элдик кеӊеши жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасы Шен Юве бул конференцияда сөз сүйлөп мындай деди: Кытайдын Борбор Азиядагы географиялык абалына караштуу Кавказ жана Азия өлкөлөрү менен жер аркылуу экономикалык жана соода кызматташууларын кеңейтүү өтө пайдалуу болмокчу.

Ал өз өлкөсү менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн соода жүгүртүүсү 2018-жылы 15,7%га өсүп, 41,7 млрд. долларды түзгөнүн, ал эми бул көрсөткүч 2019-жылдын биринчи 6 айында 9,6%га жогорулаганын белгилеп кетти.
 

Шен Юве Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрү мындан тышкары билим берүү тармагында да кеңири кызматташышаарын билдирип, учурда Кытайда Борбордук Азиядан келген студенттердин саны 30 миңге чукулдаганын кошумчалап кетти.

Комментарий жиберүү