“Хурриет”: Иран менен Орусия Анкара-Дамаск түз диалогун уюштурууга аракет кылышат

“Хурриет”: Иран менен Орусия Анкара-Дамаск түз диалогун уюштурууга аракет кылышат

Орусия өкмөтү Ирандын жардамы менен Анкара-Дамасктын түз диалогуна жол ачат. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги Түркиянын “Хурриет” гезитине шилтеме берип маалымдады.Белгилей кетсек, Америка президентинин орун басары Майк Пенс менен Мамлекеттик катчысы  Майк Помпео Түркияга сапар тартуулары менен бир убакта  Орусиянын атайын делегациясы дагы бул өлкөгө Сириядагы акыркы маселелерди талкуулоо максатында сапар тарткан. Эске салсак, бул делегацияны Путиндин атайын дайындаган өкүлү Александр Лаврентьев жетектеген.  Ал Анкарадан соң Дамаскка жөнөп, өлкөнүн президенти Башар Асад менен жолугушуп, Түркиядагы диалогдору боюнча …

Прочитайте больше

Бангладештин мусулмандары митингге чыгышты

Бангладештин мусулмандары митингге чыгышты

Ислам пайгамбарына (с.а.в)  акаарат келтирген индиялыкка каршы чыгышкан бангладештиктердин митинги жаракат алуу жана өлүм окуялары менен аяктады. Бул тууралуу Mehr агенттиги RT каналына шилтеме берип маалымдады. Белгилей кетсек, бир индиялык жаран өзүнүн Фейсбук баракчасында Ислам пайгамбарына (с.а.в) акаарат келтирген сөздөрдү жарыялагандыгынан улам Бангладештин мусулмандары митингге чыгышкан. Берилген маалыматтарга караштуу, топтолгон мусулмандарга полиция күчтөрү кол салып, натыйжада 4 адам набыт кетип, 50сү жаракат алышты.  Бангладештин калкы 168 млн. жана анын 90%ын мусулмандар түзөт.

Прочитайте больше

Жээнбеков жапон императорун такка отургузуу аземине катышат

Жээнбеков жапон императорун такка отургузуу аземине катышат

Президент Сооронбай Жээнбеков 20-октябрда иш сапары менен Жапонияга учуп кетти. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Жээнбеков Жапониянын императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышат. Жапон премьер-министри Синдзо Абэ менен эки тараптуу жолугушуу да пландалган. Өлкө башчы мындан тышкары Жапониянын ири корпорацияларынын жетекчилери жана ал жакта жашаган, окуп, иштеген кыргызстандыктар менен жолугушат. Жапониянын өкмөт башчысы баштаган жоон топ делегация Кыргызстанга 2015-жылы келип кеткен. Эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык алакалар 1992-жылдын 26-январында түзүлгөн.

Прочитайте больше

Саудиянын согуштук учактарынын Йеменге кол салуусу көбөйдү

Саудиянын согуштук учактарынын Йеменге кол салуусу көбөйдү

Сауд коалициясы акыркы 48 сааттын ичинде Йеменге 50 жолудан ашык кол салды. Жекшемби күнү Йемендин куралдуу күчтөрүнүн басма сөз катчысы Яхья Сари Сауд коалициясынын согуштук учактары акыркы 48 сааттын ичинде өлкөнүн ар кайсыл аймактарын 50 жолудан ашык бомбалашканын билдирди. Бул тууралуу «Parstoday» агенттиги маалымдады. Яхья Сари Саудиянын согуштук учактары Йемендин башка аймактарына караганда Саада жана Хадджа шаарларын өзгөчө бутага алышканын баса белгиледи.Бирок азырынча кол салуулар алып келген жоготуулар боюнча маалыматтар жарыялана элек. Сауд Аравиясы Америка, БАЭ жана…

Прочитайте больше