Президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын Императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышты

Президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын Императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-октябрда, Японияга иш сапарынын алкагында Япониянын Императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышты. Такка отургузуу аземи Токио шаарындагы Император сарайында болуп өттү, анын жүрүшүндө Нарухито сарайдын башкы залында императордук такка отурду, императордук наамы жана кызмат кылууга антын расмий кабыл алуу жарыяланды.  Иш чарага мамлекеттер башчылары, түрдүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, дүйнөнүн 195 өлкөсүнүн дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү катышты. Японияда белгилешкендей,  бул иш чара  Япониядагы императорду такка отургузуу эң ири аземи болду.

Прочитайте больше

Москва: Түркия Сирия аймагында болуу үчүн Дамасктан уруксат алышы керек

Москва: Түркия Сирия аймагында болуу үчүн Дамасктан уруксат алышы керек

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Түркия Сирия аймагында болууну улантуу үчүн Москвадан эмес, Дамасктан уруксат алышы керек деп билдирди. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги жазды. Песков белгилегендей, чет өлкөлүк күчтөргө, анын ичинде түрк аскерлерине Сирия аймагында калуусуна уруксатты бир гана расмий Дамаск бере алат. Песков ошондой эле Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин алдыдагы жолугушуусунда Вашингтон менен Анкаранын ортосундагы акыркы маселелер талкууланарын билдирди. Ал Путин менен Эрдогандын сүйлөшүүлөрү “узак” жана “татаал”…

Прочитайте больше

Ооганстандын чек арасына жакын аймакта 6 өлкө аскердик машыгуу башташты

Ооганстандын чек арасына жакын аймакта 6 өлкө аскердик машыгуу башташты

Борбор Азия өлкөлөрү Ооганстан тараптан коркунуч жайылып жатканына тынчсызданып жатышканын айтып келишет. Ошол эле учурда Орусия жана аймактагы беш  өлкөлөрдүн чек араларына жакын жерде террорчулукка каршы күрөшүү максатында биргелешкен машыгуу башташты.«Tasnim News» агенттигинин маалыматына ылайык, Орусиянын борбордук аскер күчтөрүнүн командачысы Александр Лапин Тажикстандын аймагында “Бир туугандык каршылык көрсөтүү” деген аталыштагы эл аралык биргелешкен машыгуу башташканын билдирди. Бул машыгуу 2019-жылы Борбор Азияга стратегиялык жол көрсөтүү максатында ишке ашырылууда. Ага Орусия, Беларусь Республикасы, Армения, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандын…

Прочитайте больше

“Чекарасыз дарыгерлер”: Түркиянын Сириядагы операциясынан улам 5 миңден ашуун адам Иракка жер которду

“Чекарасыз дарыгерлер”: Түркиянын Сириядагы операциясынан улам 5 миңден ашуун адам Иракка жер которду

“Чек арасыз дарыгерлер” эл аралык уюму Түрк армиясынын Сириянын түндүк-чыгышында баштаган аскердик операциясынан бери бул аймактардагы 5 миңден ашуун адам Иракка жер которуп кеткенин маалымдады. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги жазды. Аталган бейөкмөт уюмунун билдирүүсүнө караганда, Түрк армиясынын Сириядагы “Тынчтык булагы” аскердик операциясы башталгандан бери Ирак менен болгон чегарадан 5300дөн ашуун киши өткөн. “Чек арасыз дарыгерлер” уюму кечээ, 21-октябрда Женевада билдирүү жасап, Сирия менен Ирактын чегарасынан 5300дөн ашуун киши өткөнүн жана акыркы алты күндө күн сайын Иракка…

Прочитайте больше

Йеменде жыл башынан бери холерадан 913 киши көз жумду

Йеменде жыл башынан бери холерадан 913 киши көз жумду

Жыл башынан бери Йеменде күч алган холера дартынан 913 минге чукул адам көз жумганын Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму маалымдады. Бул туурасында “Tasnim” агенттиги Йемендин маалымат булактарына шилтеме берип жазды. Аталган уюмдун кечээ, 21-октябрда жасаган билдирүүсүндө 2019-жылдын башынан тарта сентябрдын акырына чейинки мезгил аралыгында холера эпидемиясынан 913 адам көз жумгандыгы айтылды. Билдирүүгө караганда, учурда 696 миң 537 киши холера илдетин жуктуруп алды деп шектелүдө, алардын 25,5%ын беш жашка чейинки балдар түзөт. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Йемендин…

Прочитайте больше