Daily Mail»: Иран, Орусия жана Кытайдын биргелешкен машыгуулары дүйнөгө кабар берет

Daily Mail»: Иран, Орусия жана Кытайдын биргелешкен машыгуулары дүйнөгө кабар берет

«Daily Mail» басылмасы кечээ, 28-ноябрда Иран, Орусия жана Кытай Батыш өлкөлөрүнө күчүн көрсөтүү үчүн биргелешкен машыгууларды өткөрүүнү пландап жатканын маалымдады. Бул тууралуу «IRNA» агенттиги жазды. Аталган басылманын маалыматына караганда, Ирандын аскер-деңиздик күчтөрүнүн командири адмирал Хуссейн Ханзади Ирандын аскер-деңиздик күчтөрүнүн күнүнө карата жасаган билдирүүсүндө, Иран, Орусия жана Кытайдын биргелешкен машыгуулары жакын арада Инди океанынын түндүк бөлүгүндө өткөрүлөрүн айтты. Ал бул машыгуулар өткөн айда пландаштырылганын жана аскердик күчтөр ага даяр экенин белгиледи. Ханзади ушул жылдын жай мезгилинде Перс булуңунда…

Прочитайте больше

Алайда памирлик кыргыздар үчүн 7 үй курулат

Алайда памирлик кыргыздар үчүн 7 үй курулат

Алай районунун Талды-Суу айылында памирлик кызгыздар үчүн 7 үй курулат. Бул тууралуу Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Даанышбек Кеңешов билдиргенин “Сары-Кол” сайты жарыялады. Анын айтымында, памирлик кыргыздарга үй куруу үчүн 1 гектар 20 сотых жер бөлүнгөн. «7 үй курууга мамлекеттен 10 млн сом каралган. Үйлөрдүн долбоору даяр. Учурда үй куруучу компанияларга тендер жарыялаганбыз. Компаниялар катталып жатышат. Ар бир үй 4 бөлмөлүү болуп, узундугу 11 метр жана туурасы 9,60 метрди түзөт. Буюрса 2020-жылдын апрель айынан баштап курулуш…

Прочитайте больше

Сириянын түндүгүндөгү күрттөр ИШИМдин 110үй-бүлөсүн бошотушту

Сириянын түндүгүндөгү күрттөр ИШИМдин 110үй-бүлөсүн бошотушту

Сириянын Human Rights Watch борбору “Түндүк жана Түндүк-Чыгыш автономиясы” деп аталган топ ИШИМ элементтеринин 110 үй-бүлөсүн бошотконун маалымдады. «Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Сириянын адам укуктарын коргоо уюму ИШИМдин Сириянын түндүгүндөгү раккалык 110 үй-бүлөсүн бошотконун билдирди. Аталган борбор билдирген маалыматка караганда, бошотулгандар 200гө жакын аялдар жана балдар. Күрттөрдүн бул иш-аракеттери “Сирия көчмөндөрүнүн конференциясындагы” өлкөнүн демократиялык кеңеши менен көчмөндөрдүн көсөмдөрүнүн жыйынынын натыйжасында жасалды. Бул конференция ушул жылдын май айында өткөн. Демократиялык кеңеш күрт күчтөрүнүн Америкадан көз каранды…

Прочитайте больше

Google жана Facebook сионист режими менен бирге палестиналыктарга каршы

Google жана Facebook сионист режими менен бирге палестиналыктарга каршы

Google жана Facebook компаниялары сионист режими менен кызматташтык алкагында, 2018-жылы палестиналыктарга тиешелүү 14 миң жазууну өздөрүнүн каналдарынан алып салышкан. «Parstoday» агенттигинин маалыматына ылайык, Палестинанын журналисттерин колдогон комитет Google, YouTube, Twitter жана Facebook сионист режиминин Палестинага тиешелүү темаларды өчүрүп салуу үчүн жасаган кысымдарына баш ийгенин айыптады. Палестинанын журналисттерин колдогон комитет Google жана Facebook компаниялары сионист режиминин армиясынын кибердик бирдиктери талап кылган темалар менен маселелердин 90 пайызын өчүрүп салышкан. Google жана Facebook тармактары сионист баскынчы режиминин Палестин элине…

Прочитайте больше

Ош шаарында 1 млн долларга спорткомплекс курулууда

Ош шаарында 1 млн долларга спорткомплекс курулууда

Бул тууралуу 27-ноябрда Бишкекте кыргыз күрөш боюнча Азия чемпионатынын ачылышында Ирандын Кыргызстандагы элчиси Али Можтаба Рузбехани билдирди. “Иран Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн каражат бөлдү. Азыр Ош шаарында сопрткомплекс курулуп жатат. Иран фондунан жардам катары 1 млн доллар бөлүндү”, – деди элчи. Анын айтымында, курулуш 2020-жылы Нооруз майрамына карата бүткөрүлүүгө тийиш.

Прочитайте больше

ЖККУнун Бишкектеги Саммитин 135чет өлкөлүк жана 130 жергиликтүү журналисттер чагылдырышууда

ЖККУнун Бишкектеги Саммитин 135чет өлкөлүк жана 130 жергиликтүү журналисттер чагылдырышууда

Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин бүгүн, 28-ноябрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өтүп жаткан кезектеги сессиясынын ишин 135 чет өлкөлүк жана 130 жергиликтүү журналисттер чагылдырышууда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Иш-чараны чагылдыруу үчүн 135 чет өлкөлүк журналисттер аккредитациядан өтүштү, алар Россиянын, Беларустун, Армениянын, Казакстандын жана Тажикстандын 43 жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү болуп саналат, ал эми 130 жергиликтүү журналисттер жалпысынан Кыргызстандын 34 жалпыга маалымдоо каражаттарынан келишкен. ЖМКлар өкүлдөрү үчүн басма…

Прочитайте больше

Human Rights Watch: Дүйнө Израилдин адам укуктарын бузуу аракеттерине каршы күрөшөт

Human Rights Watch: Дүйнө Израилдин адам укуктарын бузуу аракеттерине каршы күрөшөт

“Human Rights Watch” эл аралык укук коргоо уюмунун жакында эле Израилдин басып алган аймактарынан куулуп чыгарылган аймактык директору Омар Шакир “Эгер дүйнө Палестинанын басылып алынган аймактарында эл аралык мыйзамдардын бузулуп жатканына каршы чара көрбөсө, бул аймакта адам укуктарынын бузулганынын көбөйгөнүнө күбө болот”, – деди. Бул тууралуу “IRNA News” агенттиги маалымдады.Омар Шакир шаршемби күнү “Russia Today” агенттиги менен болгон маегинде, өзүнүн басылып алынган аймактардан чыгарылганына токтолуп, “Бул Human Rights Watch уюмунун ишмердүүлүгүн жана Палестинанын укугун коргоо аракеттерин үзгүлтүккө…

Прочитайте больше

Америка Батыш Азияда канча акча коротту?

Америка Батыш Азияда канча акча коротту?

Жаңы изилдөөлөрдүн натыйжасында Американын Батыш Азия өлкөлөрүндө согушка канча каражат жумшап, канчалаган адамдардын өлүмүнө себеп болгону жарыяланды. “Fars News” агенттигинин маалыматына ылайык,  Браун ЖОЖунда аткарылган “Согуш чыгымдары” изилдөөсүнүн негизинде Американын Батыш Азиядагы согуштарга кетирген каражаттары боюнча маалыматтар берилди. Берилген көрсөткүчтөргө караштуу, Американын 20 жылдан бери “террорчулукка каршы күрөшүү” шылтоосу менен аймактарга жасаган согушунан 8 миң адам курман болгон жана 6,4 трлн. доллар каражат жумшалган. Белгилей кетсек, Tasks and Perps сайты согуштан курман болгондордун саны мындан да…

Прочитайте больше

Кытай өзөктүк келишим боюнча жыйынга катышат

Кытай өзөктүк келишим боюнча жыйынга катышат

Кытайдын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү: Пекин Венада өзөктүк келишим боюнча биргелешкен комиссиянын жыйынына катышат. «Mehr News» агенттигинин маалыматына ылайык, Кытайдын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Гэн Шуан кечээ, шейшемби күнү “Пекин декабрь айынын башында Венада өтө турган Ирандын өзөктүк маселеси боюнча биргелешкен комиссиянын жыйынына сөссүз катышат”, – деп билдирди. “Ирандын өзөктүк көйгөйү боюнча өсүш маанилүү этапта турат. Ошондуктан Кытай өзөктүк келишимди сактоо жана жүзөгө ашырууда башка тарапташтар менен дайыма жакын мамиледе болуп келген….

Прочитайте больше

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Кония шаарында өтөт

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Кония шаарында өтөт

Бул тууралуу Кыргыз-Түрк Өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташуусу комиссиянын 9-жыйынында маалым болгону КРнын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жарыяланды. Анда айтылгандай, Түркия көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюнун Конья шаарында өткөрүүнү пландап жатканын кабарлашкан. Эки өлкөнүн Өкмөттөр аралык комиссияны кыргыз тараптан Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана Түркиянын Вице-Президенти Фуат Октай жетектешкен. Түркия IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын 2020-жылы өткөрүү үчүн Кыргызстандан былтыры кабыл алган. Ага чейин бул иш-чараны 3 жолу катары менен биздин мамлекет өткөргөн. Көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандырып, сактап…

Прочитайте больше

Палестинада Америкага каршы демонстарция өттү

Палестинада Америкага каршы демонстарция өттү

Миңдеген палестиналыктар АКШнын Израилдин жөөт конуштарды куруусун колдогонуна нааразычылык билдиришип, Палестинанын ар кайсы аймактарында демонстрацияга чыгышты. Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги кабарлады. Нааразычылыкка чыккандар Америка менен Израилдин желегин өрттөштү. Израилдик аскерлер демонстранттарга кол салып, кеминде 63 палестинди жарадар кылды. Американын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 18-ноябрда Палестина жериндеги баскынчы сионисттик режимди кайрадан колдоо менен Вашингтон мындан ары Израилдин Иордан дарыясынан Батыш жээгинде жөөт конуштарды куруусун эл аралык укуктарга каршы келет эсептебей тургандыгын билдирген. Ал Вашингтон Израилдин Иордан дарыясынын…

Прочитайте больше

Орусия Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон чегараларына “Торнадо” жайгаштырат

Орусия Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон чегараларына “Торнадо” жайгаштырат

Орусия ТИМи Борбор  Азия өлкөлөрү менен болгон чегараларына “Торнадо-С” системасын жайгаштырарын жарыялады. Tasnim агенттигинин маалыматына ылайык, Орусия ТИМнин бир аткаминери “Ивестия” гезитине берген маегинде  өз өлкөсү Борбор  Азия тараптан келе турган террорчулар менен күрөшүугө айрыкча чара көрүлөрүн билдирди. Анын айтымында, чегараларга коюлган “Торнадо-С” системасы бир нече тараптан ок атуучу дүйнө жүзү боюнча эң күчтүү курал.  Берилген маалыматтарга караштуу, бул система жакын арада Орусиянын борбордук аскердик чегара базасында иштетилмекчи.  Системаны жайгаштыруу 100 км. аралыкта белгиленген жана анын…

Прочитайте больше

Бишкекте ЖККУга мүчө мамлекеттердин жыйыны өтөт

Бишкекте ЖККУга мүчө мамлекеттердин жыйыны өтөт

Бишкекте 28-ноябрь күнү ЖККУга мүчө мамлекеттердин жыйыны өтөт. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков кабарлады. Маалыматка ылайык, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынына Кыргызстан, Казакстан, Беларусия, Россия, Тажикстандын президенттери жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышат. Жыйындын жүрүшүндө ЖККУнун ишинин алкагында эл аралык жана аймактык коопсуздук боюнча актуалдуу маселелер тууралуу пикир алмашуу болот. “ЖККУнун ЖКК отурумунун күн тартиби 21 маселеден турат. Кыргызстан тарабынан демилгеленген глобалдык жана регионалдык коопсуздукту бекемдөө максатында ЖККУнун Жамааттык…

Прочитайте больше

Пакистан Куранга акаарат келтиргендерди ИКУда айыптайт

Пакистан Куранга акаарат келтиргендерди ИКУда айыптайт

Пакистандын “Энсаф” партиясынын борбордук комитети Норвегиядагы Куранга акаарат келтирүү маселесин ИКУ менен ЕБдин отурумунда ортого салаарын билдирди. “Fars News” агенттигинин маалыматына ылайык, Пакистандын “Энсаф” партиясынын борбордук комитетинин (Пакистандын борбордук өкмөтү) отуруму өлкөнүн премьер–министри Имран Хандын жетекчилиги менен өттү.Белгилей кетсек, бул отурумда Норвегиядагы Куранга акаарат келтирүү боюнча акыркы окуя маселеси талкууланып, бул маселе Ислам Кызматташу уюму жана Европа Биримдиги отурумдарында ортого салынаары айтылды. Имран Хан Ислам коркунучу дүйнөлүк тынчтыкка  кооптуу экенин жана мусулмандар буга карата жооп берүүсүн…

Прочитайте больше

Ирандагы акыркы окуяларда АКШнын Борбордук чалгын кызматынын түстүү революцияларынын изи байкалды

Ирандагы акыркы окуяларда АКШнын Борбордук чалгын кызматынын түстүү революцияларынын изи байкалды

Америкалык жазуучу жана аналитик Стивен Лэндман Вашингтондун түпкү максаты – Ирандын режимин кулатуу болуп саналарын айтты. “Ушул күндөрү Ирандан көрүп жаткан окуялар АКШнын Борбордук чалгын кызматынын ушул максаттарга жетүү үчүн алдын ала жасаган долбоору. Аны  элдик көтөрүлүш деп атоого болбойт”, – деди Лэндман. Бул туурасында “Mehr News” агенттиги жазды. Өткөн апталарда Ирандын бир катар шаарларында башаламандыктар орун алды. Ага өлкөдөгү бензинге болгон баанын жогорулашы себепчи болду. Стивен Лэндман “Mehr News” агенттигинин кабарчысына берген маегинде, түстүү революциялардын белгилери…

Прочитайте больше
1 2 3 7