Дүйнө жүзү боюнча Израилдин элчиликтери жабылды

Дүйнө жүзү боюнча Израилдин элчиликтери жабылды

Израилдин тышкы иштер министрлиги иш таштоого байланыштуу дүйнө жүзү боюнча өлкөнүн элчиликтери жана консулдуктары убактылуу жабылганын билдирди. Бул тууралуу “Meduza.io” агенттиги маалымдады.Израилдин элчиликтери жабылганы тууралуу ар кайсыл өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү билдиришүүдө. Анын ичинде Орусияда, Укаинада, АКШда жана Канадада дагы аталган өлкөнүн элчиликтери жабылганы маалымдалды. Израилдин Орусиядагы элчилиги жарыялаган маалыматта, мекемеге келгендерге кызмат көрсөтүлбөй турганы жана элчиликке кирүү жабык экени баса белгиленген.Ошондой эле, элчилик кайрадан качан иштеп баштаары белгисиз. Израилдин тышкы иштер министрлиги, коргоо министрлиги жана Гистадрут профсоюзу…

Прочитайте больше

Кыргызстанда милиция түптөлгөнүнө 95 жыл болду

Кыргызстанда милиция түптөлгөнүнө 95 жыл болду

Кыргыз милициясы Кара-кыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетинин чечиминин негизинде 1924-жылдын 1-ноябрында түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-ноябрда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Мамлекет башчысы ата мекендик ички иштер органдарынын түзүлүү тарыхына токтолуп, жарандарыбыздын мамлекетке, бийликке болгон ишеними катардагы милиционерден башталарын белгиледи. Милициянын астындагы негизги тапшырма элдин жашоосунун тынчтыгын жана өмүрүнүн сактыгын камсыз кылуу, коомдо бекем тартипти орнотуу экендигин…

Прочитайте больше

Асад: Орусия, Иран жана Сирия биргеликте террорчулук менен күрөшүп жатат

Асад: Орусия, Иран жана Сирия биргеликте террорчулук менен  күрөшүп жатат

Сириянын президенти Орусия, Иран жана Сирия биргеликте террорчулукка каршы күрөшүп жатышканын жана Идлиб операциясы боюнча Москва Дамаскка кысым көрсөтүп жатат деген маалыматтар туура эмес экенин билдирди. Башар Асад бул тууралуу бейшемби күнү Сириянын мамлекеттик телеканалына курган маегинде сүйлөгөнүн «Sputnik News» агенттиги маалымдады. Сирия президенти “Орусия Сириянын Идлибдеги операциясында кысым көрсөтүүсү мүмкүнбү?” – деген суроого “Бул жерде кысым деген сөздү айткан туура эмес”, – деп жооп берди. “Биз, орустар жана ирандыктар террочулук жана саясий согушка каршы өнөктөштүк менен…

Прочитайте больше

ИШИМ террордук уюму өз лидеринин өлтүрүлгөнүн тастыктады

ИШИМ террордук уюму өз лидеринин өлтүрүлгөнүн тастыктады

ИШИМ террордук уюму өз лидери Абубакр аль-Багдадинин өлтүрүлгөнүн тастыктады. Бул тууралуу “IRNA” агенттиги жазды. “Al Jazeera” телеканалы кечээ, 31-октябрда ИШИМ өз лидери Абубакр аль-Багдадинин өлгөндүгүн моюнга алды деп кабарлады. “Al Jazeera” телеканалы маалымдагандай, Багдадинин ордуна Аби Ибрахим аль-Хашеми аль-Кураши дайындалды. ИШИМ террордук уюму ошондой эле топтун басма сөз катчысы Абу Хасан аль-Мухаджирдин өлтүрүлгөнүн дагы тастыктап, анын ордуна Абу Хамза аль-Кураши дайындалганын билдирди. Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп телеканалда жасаган билдирүүсүндө, АКШнын күчтөрү Орусия, Ирак,…

Прочитайте больше