Сионисттик аскерлер палестиналык жаштарды “өз рахаты” үчүн аткылашат

Коомдук тармактарда сионисттик күчтөрдүн бир куралсыз палестиналыкты атып салышкан видеосу тараган.

Аль-Аалам агенттигинин маалыматына ылайык, 2-ноябрда коомдук тармактарда сионисттер аскерлери бир палестиналыкты аркасынан аткан видеосу тарады.
Белгилей кетсек, бул видеодо сионисттик күчтөр алгач өтүп бара жаткан бир палестиналыкты токтотушуп, ага “бул жерден өтүүгө болбойт”-деген эскертүү беришет.

Ал бала аскерлердин буйрук бергендериндей колун көтөрүп, алыстаган соң, алар артынан атып салышат.
The Israel Times агенттиги бул видеого эртеси күнү жооп беришип, бул окуя бир жыл мурда болгонун жана ал аскерлер кийин жазалоо үчүн башка штабга жиберилгенин билдиршкен.

Ал эми Haaretz сайты сионисттик аскерлер бул палестиналык жаранды “өз ыракаты” үчүн пластикалык ок менен атышканын жазып чыкты.

Комментарий жиберүү