Түркия: Биз ИШИМдин чет өлкөлүк согушкерлери үчүн мейманкана эмеспиз!

Түркиянын бийлиги Европа өлкөлөрүнүн ИШИМ террордук уюмуна кошулуп кеткен өз жарандарын кайтарып алуудагы аракетсиздигин сынга алуу менен Анкара кармалган чет өлкөлүк согушкерлерди өз мекенине кайтарат деп маалымдады.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги жазды. Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу кечээ, 3-ноябрда Анкара бул өлкөдө же Сирияда кармалган бардык шектүүлөрдү жана ИШИМ террорчуларын өз мекенине кайтарат деп Европага эскертүү берди.

Ал кабарчыларга берген кыскача маегинде Европа өлкөлөрүнүн кармалган согушкерлерге болгон мамилесин кабыл алынгыс жана жоопкерчиликсиз деп атады.

“Sabah” басылмасы маалымдагандай, Сулейман Сойлу Европа өлкөлөрү ИШИМ террордук уюмуна мүчө болгон жарандарынын жарандыгын жокко чыгарып, алардын жоопкерчилигин Түркиянын мойнуна иле албайт деп билдирди. “Биз ИШИМдин чет өлкөлүк согушкерлери үчүн мейманкана эмеспиз. Нидерланды гана эмес, ошондой эле Британия дагы бул ыкманы кабыл алды. Бардыгы женил жолду тандап алды”, – деди ал.

Белгилей кетсек, Анкара акыркы бир нече жылда ИШИМдин 5 миңден ашуун согушкерин кармаганын маалымдаган. Түркия Сириядагы ИШИМге каршы операцияны баштагандан бери бул топтун мүчөлөрү Түркияда террордук чабуулдарды жасап, андан улам азыркы учурга чейин Түркиянын 300дөн ашуун жараны каза тапты.

Комментарий жиберүү