HRW:Мухаммед бен Салман бийликке келгенден бери оппозициячылдарды куугунтуктоо күч алды

«Human Rights Watch» эл аралык укук коргоо уюму бүгүн, 5-ноябрда Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бен Салман 2017-жылдын июнунда   бийликке келгенден бери сауд жарандарын репрессиялоо күч алганын маалымдады.

Бул тууралуу «IRNA» агенттиги жазды. Аталган эл аралык укук коргоо уюму 2017-жылдын июнь айынан бери сауд бийлигинин ондогон оппозициячылдары камакта экенин жана алардын айрымдары кыйноолорго алынарын билдиргенин «Аль-Жазира» телеканалы кабарлады. Укук коргоочулар көптөгөн сауд жарандарынын камакка алынышын айыптап, 2017-жылдын июнь айынан кийин камакка алынгандардын саны сауд режиминин мурдагы учурунан айырмаланарын билдиришти.

Сауд бийлиги 2017-жылдын 10-сентябрынан баштап элита, саясий оппонент, жарандык активист, акын, экономикалык эксперт жана академиктерден 250гө жакын адамды камакка алган. Мындан тышкары, 2017-жылдан кийин оппозициячылдарды репрессиялоодо мурда колдонулбаган жаңы ыкмалар колдонулууда.

«Human Rights Watch» уюму ошондой эле Сауд Аравиянын Стамбулдагы консулдугунда өлтүрүлгөн саудиялык журналист Жамал Хашоггини өлтүргөн кылмышкерлердин жазага тартылбагандыгына өкүнүчүн билдирди. Аталган уюм Сауд Аравияда мыйзам башкаруучулук дагы деле алсыз экенин белгиледи.

Ошондой эле укук коргоочу бул уюм Сауд Аравиянын падышасы Салман ибн Абдул-Азиз Аль Саудду жана анын баласын бул өлкөнүн жарандарынын укуктарын коргогон реалдуу реформа жүргүзүүгө чакырды. Мындан тышкары, Сауд Аравиянын союздаштарын бул өлкөгө көзөмөлдөөчү түзмөктөрдү жеткирүүнү токтотууга чакырды. Анткени Эр-Рияд бул технологияларды оппозициячылдардын интернет баракчаларын бузуп кирүү үчүн жана алардын телефондоруна чалгындоочу программаларды орнотуу үчүн колдонот.

2018-жылдын 20-июнунда айрым булактар Сауд Аравия бийлиги оппозициячылдарга байкоо жүргүзүү үчүн Израилден 300 миллион долларга заманбап чалгындоочу аппараттарды импорттойт деп кабарлашкан.

Комментарий жиберүү