Берни Сандерс: Өзөктүк келишимге тезинен кайтуубуз керек

Ирандын Өзөктүк келишим боюнча “төртүнчү” кадамын баштоосу менен бирге америкалык саясатчылар үн катты.

“Fars News” агенттигинин маалыматына ылайык,  Америка президенттигине талапкер болууга үмүттөнгөн демократтар партиясынын сенатору Берни Сандерс Ирандын Өзөктүк келишимди кыскартуу боюнча “төртүнчү” кадамына тынчсыздануусун билдирди.

Белгилей кетсек, Иран президенти Хасан Рухани 6-ноябрда билдирүү жасап, өз өлкөсү Өзөктүк келишимди кыскартуу максатында “төртүнчү кадамын” баштаарын жарыялаган.

“Эртең Фордодо төртүнчү кадамыбызды баштайбыз. Силер билгендей, Өзөктүк келишимдин негизинде Фордодо миңден ашуун центрифугубуз бар. Өзөктүк келишимдин негизинде бул центрифугдар газ кошулбастан айланышы керек эле. Бирок бүгүн Атомдук энергия уюмуна кабарлап, эртеңден баштап Фордодо газ кошуубузду баштайбыз. Бул кадамыбыз балким, ызы-чуу салышы мүмкүн, муну биз билип турабыз жана алардын Фордо менен центрифугаларга карата тынчсызданууларын да жакшы билебиз”,-деди Хасан Рухани.

Сандерс Руханинин бул билдирүүсүнө өзүнүн Твиттер баракчасында мындай үн катты: “Ирандын Фордодо иш баштоосу тынчсыздандыраарлык, биз Иран Өзөктүк программасын кыскартат деп макулдашкан элек, бирок аны Трамп ойлонбостон туруп, жокко чыгарды. Тез арада Өзөктүк келишимге кошулушубуз керек жана  Иран менен чөлкөм боюнча маселелерди ортого салып, сүйлөшүү жүргүзүүнү баштообуз зарыл…»
Иран президентинин орунбасары жана Атомдук энергия уюмунун жетекчиси Али Акбар Салехи билдирүү жасап, Иран 6-ноябрдан баштап, агенттиктин текшерүүчүлөрүнүн катышуусунда уранды байытууну 5%га көтөрөөрүн билдирди.

Эске салсак, Ирандын бул аракеттери Венада Өзөктүк келишимди кыскартуу боюнча бекитилген 36, 37-беренелеринин негизинде аткарылууда.

Комментарий жиберүү