Орусиянын ТИМ башчысы АКШнын Сириянын мунай кендери боюнча планын сынга алды

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын Сириянын түндүгүндөгү мунай кендерин көзөмөлгө алууга жасаган аракеттерин мыйзамсыз деп атады.

Бул тууралуу “IRIB News” агенттиги “Аlmayadeen” телеканалына шилтеме берип жазды. “Сириянын түндүк-чыгышындагы кырдаал боюнча Вашингтон менен макулдашууга эч кандай мүмкүндүк  жок”, – деди Лавров. Ал куралчан күрт кошуундары Сириянын Түркия менен чектешкен аймактан 30 чакырым алыс артка чегингенин билдирди.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин кабарчылардын алдында Москва АКШнын Сириянын түндүк-чыгышында, айрыкча мунай кендеринин жанында аскердик катышуусун сактоо үчүн жасаган аракеттерин кабыл алынгыс жана эл аралык укуктарга  каршы келет деп эсептейт деп билдирди.

Комментарий жиберүү