ЮНИСЕФ Сириядагы чет өлкөлүк балдарды кайтарып келүүгө чакырды

БУУнун Балдар фонду ЮНИСЕФ Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлерде чет өлкөлүк балдардын абалы начар деп эскертүү берди.

Бул тууралуу “Mehr News” агенттиги “RT Arabic” телеканалына шилтеме берип жазды. ЮНИСЕФ билдиргендей, азыркы учурда Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлерде жашаган дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүнүн ондогон балдары начар абалда турушат. Аталган фонд бул лагерлердеги балдар кайсы өлкөгө таандык болсо, алар үчүн ошол өлкөлөр жооптуу болот деп билдирип, чет өлкөлүк балдар өз мекенине кайтарылыш керек деп белгиледи.

ЮНИСЕФ өз билдирүүсүндө, Сириянын түндүк-чыгышындагы балдарды өтө кеч болуп кала электе өз өлкөлөрүнө кайтаруу керек деди. Фонддун маалыматы боюнча, учурда Сириянын түндүк-чыгышында дүйнөнүн 60 өлкөсүнөн 28 миң чет өлкөлүк бала бар. Бул балдардын 80%дан ашууну 12 жашка чейинки балдар, ал эми жарымы беш жашка чейинки балдар.

Комментарий жиберүү