Эрдоган:«Уялбастан «Исламий террор» сөзүн колдонгон Батыш, эң оболу өзүн күзгүдөн карашы керек»

Эрдоган, террордук уюм ДЕАШтын өлтүрүлгөн корбашчысы Эбубекир аль-Багдадинин аялынын да кармалгандыгын билдирди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, террордук уюм ДЕАШтын өлтүрүлгөн корбашчысы Эбубекир аль-Багдадинин аялынын да кармалгандыгын билдирди.

Борбор калаа Анкарадагы Бештепе «Миллет» конгресс жана маданият борборунда Анкара унивеститетинин теология факультетинин 70 жылдык мааракесине катышкан президент, бул жердеги сөз сүйлөөсүндө, АКШнын Сирияда жүргүзгөн оперциясында Багдадинин туннелде өзүн өзү жардырып жок кылганын эске салып: «Биз дагы аялын кармадык бирок биз чуу салган жокпуз; биринчи жолу бүгүн жарыялап жатамын. Ошондой эле түрдө карындашын, жездесин, аларды анын үстүнө Сирия тараптан кармадык. Биз бул жаатта иштерибизди эң күчтүү түрдө улантып жатабыз»,-деп айтты.

Террористтердин өз кызыкчылыктары үчүн күнөөсүз адамдарды мыкаачылык менен өлтүргөн кишилер экенин, ошондуктан мусулмандан террорист болбой турганын баса белгилеген Эрдоган: «Уялбастан, тажабастан «Исламий террор» сөзүн колдонгон Батыш, эң оболу өзүн күзгүдөн карашы керек. Эгерде террорист издеп жатсаңыз алар өзүңүздө. Ислам атын жамынып террордук кылмыштарды кылгандардын үстү-башын текшерип, иликтеп көргүлө, алардын астынан Ислам душмандары чыгат. (Фетуллахчы террор уюуму) ФЕТӨнүн чындыгында эмне экенин көргүңүз келсе корбашчынын кайда, кимдердин карамагында жашаганын карап көрүңүз»,-деп айтты.

Комментарий жиберүү