Африкада ачкачылык

Африкада 18 өлкөдө 52 миллион киши климаттык алмашуу, жакырдык жана куралдуу кагылышуулардан ачкачылык кризиси менен бетме  – бет.

Африкада 18 өлкөдө 52 миллион киши климаттык алмашуу, жакырдык жана куралдуу кагылышуулардан ачкачылык кризиси менен бетме  – бет.

Борбору Британия болгон эл аралык жардам мекемеси Oxfam жарыялаган очтетто Африка континентинин түштүк, чыгыш жана ортоңку бөлүктөрүндө кургакчылык жана ашыкча жамгыр жаашы жол ачкан сел апааттарынан улам миллиондогон кишинин жардамга муктаж экендиги белгиленди.

Зимбабвенин 1981 –  жылдан бери эң аз жамгыр жааган, чыгышта Кения, Эфиопия жана Сомалинин да кургакчылыктан таасирленгендиги билдирилген отчетто Түштүк Суданда болгон сел апаатынын 900 миңге жакын кишиге таасирин тийгизгендиги билдирилди. Отчетто иликтенген 18 Африка өлксөүнүн акыркы 10 жылда климаттык апааттардан улам жылдык 700 миллион доллар жоготкондугу маалымдалды.

Ангола, Ботсвана, Конго Демократиялык Республикасы, Эсватини, Эфиопия, Кения, Лесото, Мадагаскар, Малави, Мозамбик, Намибия, Сомали, Түштүк Африка, Түштүк Судан, Судан, Танзания, Замбия жана Зимбабве белгиленген отчетто климаттык кризис жол ачкан мезгилдик өзгөрүүлөрдүн миллиондогон кишинин үйлөрүн таштап кетүүсүнө да жол ачкандыгы эске салынды.

Комментарий жиберүү