АКШнын өкүлдөр палатасынын мүчөсү Боливия президентинин отставкага кетишин «төңкөрүш» деп атады

АКШнын өкүлдөр палатасындагы демократ  Ильхан Омар Боливиядагы акыркы окуялардан улам  бул өлкөнүн президенти Эво Моралестин аргасыз отставкага кетишин «төңкөрүш» деп атады.

Бул тууралуу “IRNA” агенттиги жазды. Ильхан Омар бүгүн, 11-ноябрда Боливиядагы акыркы президенттик шайлоодо жеңип чыккан Эво Моралеске каршы төңкөрүшкө байланыштуу билдирүү жасап, куралдуу күчтөр менен бир өлкөнүн президентин кулатууну «төңкөрүш» деп атайт  деди.

«Биз Боливиядагы саясий зомбулукка ачык-айкын каршы турушубуз керек. Боливиянын эли эркин жана акыйкат шайлоого укуктуу», – деп билдирди Ильхан Омар.

Белгилей кетсек, Боливиянын жогорку шайлоо сотунун маалыматы боюнча, өлкөдөгү акыркы президенттик шайлоодо Эво Моралес 47,08 пайыз, анын атаандашы Карлос Меса 36,51 пайыз добуш алган. Өлкөдөгү президенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин жогорку шайлоо сотунун ырастоосуна карабастан Моралестин каршылаштары шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместигин жарыялап, бүгүнкү күнгө чейин зордук-зомбулук менен коштолгон демонстрацияларды өткөрүшүүдө.

Боливияда саясий кырдаал курчугандан кийин “Америка мамлекеттеринин уюму” (OAS) Ла-Пас бийлигин 20-октябрда өткөрүлгөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп жарыялап, кайрадан шайлоо өткөрүүгө чакырган. Акыр-аягы кечээ, 10-ноябрда Боливия армиясынын кийлигишүүсү менен бул өлкөнү 13 жылдан бери башкарып келаткан Эво Моралес отставкага кетүүгө аргасыз болду.

Ал өлкөдөгү учурдагы абалды бийликке каршы төңкөрүш деп мүнөздөп, “Биздин күрөш аягына чыга элек, барабардык жана тынчтык үчүн күрөш улантыла берет деп айткым келип атат”, – деп өлкө элине кайрылды. “Президент катары жагдайды тынчытуу менин милдетим”,  – деди Моралес.

Комментарий жиберүү