Бишкекте пайгамбарга арналган “Мавлюд” иш чарасы өткөрүлдү

Ислам пайгамбарынын “Мавлюдуна” карата 9-ноябрда Бишкектеги А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада маданий иш-чара өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, бул иш чара “Пайгамбар (с.а.в) жана үй-бүлө темасына арналып, Бишкектеги Түркия элчилигинин диний кеңешчилиги, “Мутаккалим” АПКБсы жана КМДБ аркылуу уюштурулду.
Мавлюдга Түрк элчилигинин диний кеңеши, “Мутакаллим” фондусунун лидери Жамал Фронтбек кызы, КМДБнын өкүлдөрү катышышып, бир канча ардактуу коноктор, алардын ичинде аялдар, диний агартуучу фонддордун жетекчилери, мугалимдер, диний ишмерлер чакырылышкан.  
Алгач аземди Түркиянын Бишкектеги элчилигинин диний кеңешчиси Шемситтин Үнал сөз сүйлөп, өз өлкөсү 1989-жылдан бери ар жылы пайгамбардын (с.а.в) “Мавлюдун” ар бир Ислам өлкөлөрүндө өткөрүп келе жатканын билдирди. Ал ошондой эле Исламда жана башка диндердеги үй-бүлөнүн маанилүүлүгүн баяндап, үй-бүлө – адеп, сүйүү, тартип, жоопкерчилик, урмат жана башка инсандык баалуулуктардын түптөлгөн башаты экенин айтып берди.

Бул отурумда ошондой эле КМДБнын аппарат жетечиси Доолов Садыбакас ажы сөз сүйлөп, “Мавлюд” майрамы жыл сайын Кыргызстанда Түрк элчилиги тарабынан өткөрүлүп жатканын  белгилеп, бул жаатта Түрк элчилигинин кошкон салымдары үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. Ал ошондой эле өз сөзүндө үй-бүлө баалууктарына токтоло кетти.
Программанын алкагында аземге катышышкан Бишкектеги диний коомдордун жетекчилери уюштуруучуларга суроо беришип, илим ээлеринен жооп алып жатышты.

“Ак жоолук ажары” фондусунун өкүлү тарабынан учурдагы Кыргызстандагы үй-бүлөлүк абал боюнча берген маалыматына ылайык, коомубузда жыл сайын 100дөй үйлөнүүлөр катталса, анын 300дөйү ажырашып кетип жаткандыгы  аныкталган. Бул көрсөткүчтөрдүн негизинде ажырашуулар акыркы жылдары 89%га жогорулаган.

“Ажырашууларды кантип азайтуу же токтотуу керек?”-деген суроонун тегерегинде бир канча сунуштар айтылып, жаштарды үй-бүлө куруу, аял менен күйөөсүнүн укук-милдеттеринин баяндалуусу керектиги боюнча сунуштар айтылды. Бул жаатта мечиттерде айтылган насаат сөздөр жетишсиз болуп жатканын жана айрыкча эркектерге үй-бүлө жоопкерчиликтери боюнча диний кеңеш насааттар зарыл экени белгиленди.

Кыргызстандын 2014-жылдагы диний концепсиясынын автору Назира Умаровна сөз сүйлөп, учурда 2020-жылга карата жаңы концепсия даярдалып жатканын жана анда аялдар маселеси, гендердик саясаттар боюнча маселелер кеңири каралганын айта кетти.

Үй-бүлө боюнча талкууга алынган маселенин жыйынтыгында үй-бүлөлөрдүн бекемделүүсү боюнча атайын тарбиялык, насаат кеңештик  отурумдар, дааваттар жана тренингдер уюштурулаары жана бул жаатта муфтият менен Мутакаллим аялдар фондусу бирге иштешишээри белгиленди.

Аземдин аягында Түрк элчилигин демөөрчүлүгү менен которулуп чыккан “Хадистердин негизиндеги Ислам” аттуу 7 томдук китептер келген конокторго таратылып берилди. Ошондой эле аялдарга мехенди (хна коюу), жоолук салуу жана косметика колдонуу боюнча тренингдер өтүп, белектер ыйгарылды.

Даярдаган: К. Жаманкулова.

Комментарий жиберүү