Марк Майли: Сирияда Американын 600гө жакын аскери калат

Сирияда өлкөнүн 600дөй аскери калтырылат.

Бул тууралуу кечээ, жекшемби күнү Американын армиясынын биргелешкен штабынын жетекчиси Марк Майли жарыялаганын «Mehr News» агенттиги «Sputnik News» агенттигине шилтеме берип маалымдады.

Американын армиясынын биргелешкен штабынын жетекчиси “ABC News” менен болгон маегинде “1000ден азыраак, кеминде 500 же 600дөй аскер Сирияда калат”, – деди.

Буга чейин Вашингтон аскердик күчтөрүн Сириядан чыгарарын билдирген эле. Бирок, кийинчерээк Американын президенти Дональд Трамп Сириянын мунай талааларын коргоо үчүн өлкөдө бир нече аскерин калтырарын жарыялаган. Бул иш-аракет Дамасктын мыйзамдуу позициясына каршы келет.

Комментарий жиберүү