Орусия: ИШИМ Ооганстанда плацдарм курууну көздөп жатат

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников Ооганстандагы  ИШИМ террордук уюмунун ишмердүүлүгүнүн өсүп жатканын айтып, ИШИМ Борбор Азияга жетүү үчүн Ооганстанда өз согушкерлерине плацдарм курууну пландап жатканын эскертти.

Бул тууралуу “Tasnim News” агенттиги жазды. Маалыматка ылайык, “Биз учурда Ооганстанда ИШИМдин бир бөлүгү болгон “Вилаят Хорасан” бириккен кыймылынын ишмердүүлүгү күч алып жатканына күбө болуудабыз. “Жамаат Ансаруллах” жана “Чыгыш Түркстан ислам кыймылы” уюмдары дагы алар менен тыгыз иш алып барууда”, – деди Бортников. 

ТАСС агенттиги маалымдагандай, Бортниковдун айтымында, ИШИМ террорчуларынын максаты – КМШ өлкөлөрүнө жетүү үчүн плацдарм түзүү болуп саналат. Плацдармда бул уюмдун негизги күчү Борбор Азия өлкөлөрүнөн чыгып, эл аралык террордук уюмдардын катарында жүргөн согуштук тажрыйбасы бар согушкерлер болот.

Анын билдирүүсүнө караганда, эл аралык террордук уюмдар Ирак менен Сирияда утулгандыгынан улам Азия менен Африкада туруксуздук жаратуу үчүн калган күчтөрүн Жакынкы Чыгыштан тезинен чыгарып кетүүдө. Орусия буга чейин дагы бир катар жолу Ооганстандагы ИШИМ террордук уюмунун ишмердүүлүгү боюнча тынчсыздануусун билдирген. Орусия Американы ИШИМ согушкерлерин Ооганстандын түндүк аймактарына которууда деп эсептейт.

Комментарий жиберүү