Тегеран-Бишкек байлынышын кеңейтүүгө 3 нерсе зарыл

Ирандын Бишкектеги мурдагы элчиси эки өлкөнүн экономикалык байланыштарынын келечеги кең экенин баяндады.

“Fars News” агенттигинин маалыматына ылайык, Ирандын Бишкектеги мурдагы элчиси  жана учурдагы ИИРдин Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат комиссиясынын мүчөсү Али Нажафи Шахруди агенттикке маек берди.
Али Нажафи Кыргызстан Ирандын цивилизациялык чөйрөсүнө кирген  Борбордук Азия өлкөлөрүнүн катарында Иран менен тарыхый, маданий жана диний окшоштуктарга ээ экенин билдирип, келечекте экономикалык байланыштарын өнүктүрүүгө зор мүмкүнчүлүктөрү бардыгын кошумчалады.

Ирандын Бишкектеги мурдагы элчиси Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткенден кийинки саясий туруксуздуктары, Ирандын эл аралык чөйрөдөгү маселелери, алардын ичинде санкциялар жана башка тоскоолдуктар эки өлкөнүн экономикалык карым- катнаштарынын өсүүсүнө кедерги болгонун белгиледи.

Ал ошондой эле эки өлкө бири-бирин жетиштүү таныбаганы да буга чейинки алакалардын жакшы өнүкпөгөнүнө себеп болгонун билдирип,  Ирандын жаңыдан Евразия бажы биримдигине кирүүсү мындан ары Кыргызстан менен Ирандын экономикалык байланыштарына чоң мүмкүнчүлүк жаратаарын баса белгиледи.
Али Нажафи соода темасына арналган конференцияларды, көргөзмөлөрдү өткөрүү, биргелешкен экономикалык комиссияларды түзүү Иран менен Кыргызстандын  соода, өндүрүш жана экономикалык өнүгүүсүнө чоң таасирин тийгизээрин кошумчалады.

Улуттук коопсуздук жана Ирандын тышкы саясат комиссиясынын мүчөсү мындай деди: “Иран менен Кыргызстанды бири-бирине туура таанытууда маалымат каражаттары менен жалпы дипломатиянын ролу Тегеран-Бишкек экономикалык мамилелерине чоң таасир тийгизмечи. Кыргызстандыктар Ирандын шарттары туруктуу жана коопсуз экенине ынанып, ирандык тараптын мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалануулары оң. Ошондой эле Иран дагы Кыргызстанды кичинекей, пайдасыз өлкө катары элестетүүлөрүн четке таштап, аны жакындан таануу менен бул өлкө өзүнө ылайыктуу мүмкүнчүлүктөрү менен кандайдыр бир деңгээлде Тегеран-Бишкек экономикалык кызматташууларын кеңейтүүдө өз таасирин тийгизүүсүнө көмөктөшүүлөрү керек.”

Али Нажафи Кыргызстанда өтөгөн элчилик кызматында 2 ири көргөзмө уюштуруп, ирандык унаа жасап чыгаруу өкүлчүлүгүн Кыргызстанда иштете алганын айта кетти. Ошондой эле учурда Кыргызстанда ирандык ири шириндик жасоочу ишканалары иштеп жатканын кабарлады.

Нажафи  Хушруди өз өлкөсүнүн ири ишканалары Кыргызстанда иш алпарып, чоң экономикалык жана өндүрүштүк иштерди аткара алууга мүкүнчүлүгү бар экенин жана Кыргызстандын айрым өндүрүштөрү, айрыкча мал жана дыйканчылык тармагы Ирандын муктаждыктарын камсыздай ала турганын белгилеп кетти.

Ирандын Кыргызстандагы элчиси эки өлкөнүн туризм жаатындагы көмүскөдө калган чоң мүмкүнчүлүктөрүнө ишаара кылды.
“Ирандын туристтик түрдүү жаратылыштары жана бир канча тарыхый жайлары кыргызстандык конокторду кызыктырышы мүмкүн, ошондой эле Кыргызстандын кооз жаратылышы, тоолору да ирандык туристтерди өзүнө кызыктырат деп ишенем. Бул жатта эки өлкөнүн жарандары бири-бирине катоолору менен Тегеран-Бишкек мамилелерине да өз салымдарын кошот деп ойлойм”,- деди Али Нажафи.

“Көптөгөн ирандык саякатчылар жаңы багытты издешет жана Кыргызстан аларга жаңылык болушу мүмкүн, бир чети бул өлкөнүн жарандарынын 80%ын мусулмандар түзгөндүктөн, мекендештерибизге да ыңгайлуурак болот деп ишенем”,-деп кошумчалады Али Нажфи.

 “Иран менен Кыргызстандын  мамилелери менен соода алакаларын кеңейтүү үчүн 3 нерсеге көңүл буруу зары:; биринчиден, эки өлкөнүн бири-бирин кеңири таанууларына шарт түзүлүсү керек. Экинчиден, түз аба каттамын ачуу керек  жана үчүнчүдөн, виза берүү маселеси жеңилдетилүүсү зарыл”,- деди Ирандын Бишкектеги мурдагы элчиси.

Комментарий жиберүү