Израилдин Газага жасаган чабуулунда 2 палестиналык көз жумду

Бүгүн, 12-ноябрь эртең менен Израил Газа секторуна чабуул жасап, андан  2 палестиналык набыт болуп, 3 киши жаракат алды.

Каза болгондордун ичинде “Ислам жихады” кыймылынын аскер башчыларынын бири бар. Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги жазды. Маалыматка караганда, Израилдин аба күчтөрү “Ислам жихады” кыймылынын аскер башчыларынын бири Баха Абу эль-Аттанын үйүн бомбалаган. Андан сон сионисттик режимдин чалгындоочу дрондору Газанын үстүнөн учканы маалымдалды.

Израилдин соккусуна жооп катары Газа секторунан басылып алынган Палестинага ракета атылды. “Ислам жихады” кыймылынын аскердик бөлүгү болгон Аль-Кудс бригадасы Баха Абу эль-Аттанын каза болгондугун тастыктап, сионисттик режимден өч алабыз деп билдиришти.

Израил 2017-жылдын декабрынан баштап Газа секторуна абадан чабуул коюларды күн тартибине койгон. Андан бери азыркы учурга чейин сионисттик режимдин аба күчтөрүнүн чабуулдарынан миндеген палестиналыктар каза таап, жаракат алды. Израил Газа секторун 2006-жылдан баштап кургактан, абадан жана деңизден курчоого алган.

Комментарий жиберүү