Сауд Арабияда дагы бир журналист өлтүрүлдү

ruРусский

Сауд арабиялык журналист камактагы кыйноодон улам жан берди.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги Metro сайтына шилтеме берип маалымдады.
Turki Bin Abdul Aziz Al-Jasser аттуу оппозиялык журналист Сауд Арабияда   үстүбүздөгү жылдын 15-март айында камакка түшкөн.
Берилген маалыматтарга караштуу, бул журналист камакка түшкөндөн бери сауддук канкорлордун кыйноосуна кабылып, акыры жан берген.

Белгилей кетсек, аль-Жасер өзүнүн Твиттер баракчасында “Kashkool” программасын жетектеп, анда атайын Сауд Арабиянын падышачылык үй-бүлөсү боюнча көмүскөдөгү маалыматтарды ачыкка чыгарып жүргөн.

Metro сайты бул журналист көбүнчө Арабстандагы адам укуктарынын тебеленүүсү боюнча маселелерди көтөрүп келген.
Ал мындай ачыктыгы менен Саудия падышларынын каарына калганы айтылууда.

Комментарий жиберүү