Guardian гезити 2019-жылдын мыкты сүрөтүн жарыялады

“Жерди кайтаруу” деген аталыштагы ири митингдерге катышкан палестиналык демонстранттын сүрөтү Guardian гезитине 2019-жылдын мыкты сүрөтү катары жарыяланды.

Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, израилдик аскерлерге туруштук көрсөткөн палестиналык жаш  демонстранттын сүрөтү 2019-жылдын эң мыкты сүрөтү катары Англиянын Guardian гезити аркылуу тандалды.

Бул сүрөттү Анадолунун кабарчысы  Мустафа Хусейн, 2018-жылдын октябрь айында Чыгыш Газада өтүп жаткан тынчтык маанайдагы митингде тартып алган.
Сүрөттө Аэд Абуамру аттуу палестиналык жаш жигит бир колуна Палестинанын байрагын көтөрүп, бир колуна кур кармап турат.
 Аэд Абуамру сионисттер аскерлеринен жаракат алганы менен кайра дагы апта сайын демонстарцияга чыгып жүрөт.
 Бул жигиттин сүрөтү “Жерди кайтаруу” демонстрациясын дүйнөгө тааныткан бирден бир белгилерге айланган.

Комментарий жиберүү