Түркия акысыз дарылануучу кыргызстандыктардын квотасын көбөйттү

Түркия акысыз дарылануучу кыргызстандыктардын квотасын көбөйттү

Түркияда акысыз дарылан турган кыргызстандык бейтаптардын жылдык квотасы дагы 50гө көбөйтүлдү. Бул тууралуу түркиялык Resmi Gazete басылмасы жарыялады. Маалыматка караганда, Түркия президенти Режеп Эрдоган 11-ноябрда Түркияда акысыз дарылана турган бейтаптардын квотасын дагы 50гө көбөйтүү тууралуу кошумча протоколго кол койгон. 50 бейтапты Түркиянын Бишкектеги элчилиги тандайт жана Түркия Саламаттык сактоо министрлиги бекитет. Бейтаптар транспорттук чыгымдарын өз каражаттарынын эсебинен төлөйт. Эрежеге ылайык, Түркияга өтө оор онкологиялык ооруга чалдыккандар, органдарын алмаштырууга, микрохирургиялык операция жасатууга муктаж кишилер жөнөтүлөт. 2014-жылдагы…

Прочитайте больше

Ирандык профессор Бишкекте перс тилин окутуучулар үчүн квалификациясын жогорулатуу курсун өткөрүүдө

Ирандык профессор Бишкекте перс тилин окутуучулар үчүн квалификациясын жогорулатуу курсун өткөрүүдө

Кыргызстанга алгачкы ирет перс тилинин окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу жана жаңыча окутуу ыкмалары менен тааныштыруу курстарын өткөрүү үчүн ирандык профессор Реза Мурат Сахраи келди. Бул тууралуу «CA-IrNews» агенттигине Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасынын элчилигине караштуу Маданий өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Профессор Сахраи «Саади» атындагы мамлекеттик фонддун директорунун илим жана билим берүү боюнча орун басары болуп саналат. Ирандык филолог К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик гуманитардык университетинин (БМГУ) башкы имаратында перс тилин окуткан чет элдик окутуучулар үчүн квалификациясын жогорулаткан курстарды өткөрмөкчү. Ал…

Прочитайте больше

Вашингтон менен Тель-Авив Жакынкы Чыгыш жыйынына катышуудан баш тартышты

Вашингтон менен Тель-Авив Жакынкы Чыгыш жыйынына катышуудан баш тартышты

Массалык кыргын салуучу куралдардын ири арсеналына, анын ичнде дүйнөдөгү өзөктүк куралдарга ээ Америка менен Израиль БУУнун “Жакынкы Чыгышта массалык кыргын салуучу куралдарсыз аймак түзүү” аттуу конференцияга катышпайт. Бул тууралуу “IRNA News” агенттиги кабарлады.Берилген маалыматтарга ылайык, аталган конференция 18-ноябрдан 22-ноябрга чейин Нью-Йорк шаарында өтөт.Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Михаил Ульянов бул маалыматты жарыялоо менен, Жакынкы Чыгыштын өлкөлөрү өтүнүч жасай турган болсо, Москва бул өлкөлөргө мындай аймакты түзүү үчүн жардам берүүгө даяр экенин баса белгиледи.Михаил Ульяновдун билдирүүсүнө ылайык, Жакынкы Чыгышта…

Прочитайте больше

Индонезияда жанкечтилик жардыруу болду

Индонезияда жанкечтилик жардыруу болду

Индонезиянын Медан шаарында жанкечти-террорчу полиция участогунун алдында өзүн-өзү жардырып, андан улам кеминде 6 киши жаракат алды. Бул туурасында “Fars News” агенттиги жазды. “Associated Press” агенттиги маалымдагандай, Индонезиянын улуттук полициясынын басма сөз катчысы Мухаммед Икбалдын айтымында, жанкечти-террорчу полиция участогунун көзөмөл өтмөк пунктунан өтүп, полиция участогуна кирүү үчүн чогулган көп сандаган адамдарды көздөй барып өзүн-өзү жардырып жиберген. Бул окуяда жанкечти өзү набыт болду. Белгилей кетсек, Индонезиянын коопсуздук күчтөрү жакында эле өлкө боюнча террорчулукка каршы операцияларды жүргүзө баштап, азыркы учурга…

Прочитайте больше

Газада көз жумгандардын саны 11ге жетти

Газада көз жумгандардын саны 11ге жетти

Палестинанын маалымат булактары Израилдин Газа секторуна жасаган чабуулдарында набыт болгон палестиналыктардын саны 11ге жеткенин малымдашты. Бул туурасында “Fars News” агенттиги жазды. Палестинанын Салматтык сактоо министрлиги дагы Израил армиясынын Газага абадан жасаган жаңы соккуларында палестиналыктардын арасындагы курмандыктардын саны кайрадан көбөйгөнүн билдирди. Палестинанын маалымат каражаттары кабарлашкандай, сионисттик режим кечээ, 12-ноябрда кайрадан Газа секторунун бир катар бөлүктөрүнө чабуул коюп, андан улам 4 палестиналык шейит болду. Сионисттик режимдин жаңы соккулары негизинен Газанын түндүгүндөгү Бейт-Лахия шаарына багытталды. Палестиналык булактар Израилдин кечээ эртең…

Прочитайте больше