Газада көз жумгандардын саны 11ге жетти

Палестинанын маалымат булактары Израилдин Газа секторуна жасаган чабуулдарында набыт болгон палестиналыктардын саны 11ге жеткенин малымдашты.

Бул туурасында “Fars News” агенттиги жазды. Палестинанын Салматтык сактоо министрлиги дагы Израил армиясынын Газага абадан жасаган жаңы соккуларында палестиналыктардын арасындагы курмандыктардын саны кайрадан көбөйгөнүн билдирди.

Палестинанын маалымат каражаттары кабарлашкандай, сионисттик режим кечээ, 12-ноябрда кайрадан Газа секторунун бир катар бөлүктөрүнө чабуул коюп, андан улам 4 палестиналык шейит болду. Сионисттик режимдин жаңы соккулары негизинен Газанын түндүгүндөгү Бейт-Лахия шаарына багытталды.

Палестиналык булактар Израилдин кечээ эртең менен баштаган чабуулдарында 45 палестиналык, анын ичинде 25 бала жаракат алганын малымдады. Кечээ эртең менен Израилдин аба күчтөрү Газа секторуна жана ошол эле учурда Дамакка чабуул жасаган, андан улам “Ислам жихады” кыймылынын аскер башчыларынын бири Баха Абу эль-Атта көз жумган. Палестиналык күчтөр израилдик күчтөрдүн кол салууларына жооп кайтарып, басылып алынган Палестинадагы жөөт конуштарына 200дөй ракета кое берген.

Комментарий жиберүү