Индонезияда жанкечтилик жардыруу болду

Индонезиянын Медан шаарында жанкечти-террорчу полиция участогунун алдында өзүн-өзү жардырып, андан улам кеминде 6 киши жаракат алды.

Бул туурасында “Fars News” агенттиги жазды. “Associated Press” агенттиги маалымдагандай, Индонезиянын улуттук полициясынын басма сөз катчысы Мухаммед Икбалдын айтымында, жанкечти-террорчу полиция участогунун көзөмөл өтмөк пунктунан өтүп, полиция участогуна кирүү үчүн чогулган көп сандаган адамдарды көздөй барып өзүн-өзү жардырып жиберген. Бул окуяда жанкечти өзү набыт болду.

Белгилей кетсек, Индонезиянын коопсуздук күчтөрү жакында эле өлкө боюнча террорчулукка каршы операцияларды жүргүзө баштап, азыркы учурга чейин 40тан ашуун кишини камакка алган.

Эске салсак, 2002-жылы Индонезиянын Бали аралында түнкү клубда террордук жардыруу болуп, анда 202 киши каза тапкан. Алардын көбү чет өлкөлүк туристтер болгон. Бул окуядан кийин Индонезия бийлиги коопсуздук чараларын күчөткөн.

Комментарий жиберүү