“Алматы” аэропорту сатылат

Бул тууралуу Казакстандын Индустрия жана инфратүзүмдүк өнүгүү министи Бейбут Атамкулов маалымдаганын «Fars News» агенттиги билдирди.
Азыркы учурда түрк компаниясы менен бул тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Бейбут Атамкуловдун маалыматына караганда, Алматы шаарынын аэропорту жеке компанияга тиешелүү.
Казакстандын министри Алматы аэропортун сатып ала турган жаңы инвестордун Францияда эки аэропорту бар экенин баса белгиледи.

“Алматы аэропорту Борбор Азиядагы ири аэропорттордун бири болуп саналат жана жүргүнчүлөрдүн жайлуулугу үчүн терминалдар заманбапташтырылып жаңыланышы керек. Анткени, жыл сайын бул аэропорт аркылуу өткөн жүргүнчүлөрдүн саны өсүүдө”, – деди Бейбут Атамкулов.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдирүүлөрүнө караганда, “Алматы” аэропотун сатып алууга ниеттенип жаткан компания “TAV Airports Holding” аттуу түрк-франциялык компания болуп саналат.

Комментарий жиберүү