Палестинанын “Ислам жихады” Израиль менен ок атышууну токтотуу шарттарын жарыялады

Палестинанын “Ислам жихады” кыймылы Израиль менен ок атышууну токтотуу шарттарын жарыялап, эгер аткарылбаса, сионисттик жайларга карата чабуулдарын улантаарын билдирди.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги Рейтерге шилтеме берип маалымдады.
Белгилей кетсек, палестиналык “Ислам жихады” кыймылы Египеттин ортомчулугу менен өтүүчү Израиль менен ок атууну токтотуу келишимине алдын ала өз шарттарын жарыялаган.
“Ислам жихады” кыймылынын башкы катчысы Зияд ан-Нахала аль-Маядин агенттигине берген маегинде бул шарттар аткарылбаса, сионисттер режиминин аймактарына ракеталык чабуулдарын улантышаарын билдирген.
Эске салсак, Палестина менен Израиль тараптардын ок атышууларын токтотуга Египет ортомчулук кылып, акыркы 48 саатта бардык аракетин жасаган.
 “Израиль өздөрүнүн террордоо саясатын токтотушуп,  жума сайын өтүүчү “Жерди кайтаруу” демонстрациясына тоскоолдук жаратышпасын”,-деди “Ислам жихады” кыймылынын башкы катчысы. Анын айтымында, сионисттик режимдин жетекчилери ушул шарттарга кол коёор замат ок атышуу токтотулмакчы жана кол коюлбаса, палестиналык коргонуу күчтөрү сионисттик жайларды талкалоону уланта беришмекчи.

Комментарий жиберүү