Түркия Израилдин Газа секторуна жасаган чабуулдарын айыптады

“Анкара Израилдин акыркы эки күндөн бери Газа секторуна жасап жаткан чабуулдарын чечкиндүү түрдө айыптайт”, – дейт айтылды Түркиянын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Бул туурасында “Mehr News” агенттиги “Anadolu” агенттигине шилтеме берип жазды. Түркиянын тышкы иштер министрлиги өз билдирүүсүндө Израилди саясатка айланган агрессивдүү аракеттеринен баш тартууга чакырды.

Буга чейин Палестинанын “Ислам жихады” кыймылы Израилдин согуштук учактарынын чабуулу “Ислам жихады” кыймылынын саясий лидери Акрам аль-Ажуринин Сириянын борбор шаары Дамасктагы үйүнө дагы багытталганын жана андан улам аль-Ажуринин бир баласы набыт болгонун маалымдаган.

Мындан тышкары, сионисттик режимдин аба күчтөрүнүн Газа секторунун чыгыш тарабына жасаган чабуулунда “Ислам жихады” кыймылынын аскер башчыларынын бири Баха Абу эль-Атта жана анын аялы өлтүрүлгөн.

“Ислам жихады” тобу 4 палестиналыктын өлүмүнө жана 25 кишинин жаракат алышына алып келген  Израилдин соккуларына жооп катары аларды көздөй 100дөн ашуун ракета учурушту.

Комментарий жиберүү