Кыргызстандык жаран Нигериянын айылдарынын бирине таза суу чыгарып берди

Кыргызстандык Альберт Токторбаев Нигериянын суу таңкыс болгон “Майли Май 2” айылынын жашоочуларына таза суу чыгартып берди.

Бул тууралуу анын туугандарынын бири Муртаза Жолдошев билдирди.

Маалыматка караганда, чыгарылган таза суу айылда жашаган 150 тургунга кызмат кылат. Мурда бул айылында ичүүчү таза суу такыр болгон эмес. Көксөгөнүнө жетишкен айыл жашоочулары жердешибизге ыраазычылык билдиришти.

Кошумча ирээтинде айта кетсек, Токторбаев Мьянма Өкмөтүнүн кысмагынан улам, Бангладешке качып өтүп, баш паанек алды делген рохинжа мусулмандары турган лагерге да таза суу чыгарып берет. Ал 1-2 жумада пайдаланууга берилет.

Ош шаарында туулуп-өскөн Альберт Токторбаев 10 жылдан ашык убакыттан бери Түштүк Корея республикасында жеке ишкерлик менен алектенет. 

Комментарий жиберүү