Путин: Трамп менен жолугушуу азырынча планымда жок

Америка президенти менен эч кандай жолугушуу пландалган эмес.

«Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Орусиянын президенти Владимир Путин “БРИКС” жыйынынан кийин өткөн басма сөз жыйынында Американын президенти менен эч кандай жолугушуу пландалбаганын билдирди.
Аталган эки өлкөнүн лидерлери Чилиде Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгынын (АТЭК) жыйынында жолугуша алышмак. Бирок, бул жыйын эки өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу жокко чыгарылган.
Владимир Путин басма сөз жыйынында Дональд Трамптын “Жеңиш күнү” Орусияга иш сапары менен келүүсү Америкадагы шайлоо алдында үгүт жасоо үчүн туура кадам болот деп эсептерин билдирди.
Ал бул тууралуу “Менин оюмча экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаган күнү 9-майда Орусияга сапар менен келүү, улутчулдук менен күрөшүүдө маанилүү роль ойногон өлкөнүн президенти үчүн, ал тургай алдыдагы шайлоо алдындагы үгүт иштери үчүн дагы туура кадам болмок”, -деди.

Комментарий жиберүү