Эл аралык кылмыш соту Мьянмадагы мусулмандарга каршы жасалган кылмыштарды иликтейт

Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Мьянма бийлиги менен армиясынын бул өлкөдөгү мусулман рохинжа азчылыгына каршы жасаган кылмыштарын иликтөөгө макул болду.

Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги жазды.

Эл аралык кылмыш сотунун судьялары кечээ, 14-ноябрда иликтөөлөр Мьянмадагы мусулман рохинжа азчылыгына каршы жасалган кылмыштарды айрыкча адамзатка каршы жасалган кылмыштар деп эсептелинген зордук-зомбулук актыларын жана куугунтуктоолорду камтыйт деп билдиришти. Эл аралык кылмыш сотунун билдирүүсүнө караганда, Мьянмадагы кылмыштарды иликтөөгө прокурорго уруксат берилди.

2017-жылдын 25-августунан бери азыркы учурга чейин Мьянма армиясынын Ракхайн штатындагы рохинжа мусулмандарына каршы репрессиялык жана агрессивдүү кол салууларында 6 минден ашуун киши каза таап, 8 миңдей адам жаракат алды. Ошондой эле 1 миллиондон ашуун рохинжалык Бангладешке качууга мажбур болду. Мындан тышкары, учурга чейин Ракхайн штатындагы үйлөрүн таштап кете элек 500 миндей мусулман Мьянма армиясынын жана экстремист буддисттердин кол салууларынан улам начар шарттарда жашашат жана азык-түлүктөрү жетишсиз. Мьянма армиясы жана экстремис буддисттер Ракхайн штатындагы рохинжа мусулмандарына каршы 2012-жылдан бери кол салып келет.

Бириккен Улуттар Уюму Мьянмадагы рохинжа мусулмандарына каршы зомбулукту “этникалык тазалоо” деп мүнөздөгөн. Кээ бир эл аралык уюмдар жана өлкөлөр анын ичинде Иран Мьянма бийлигинин тоскоолдуктарынан улам Бангладештеги рохинжа качкындарына гуманитардык жардам гана жөнөтө алышты.

Комментарий жиберүү