БУУ: 11 млн сириялык гуманитардык жардамга муктаж

БУУнун баш катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары Марк Лоукок кечээ, 15-ноябрда Сириянын ар кайсы аймактарында 11 миллион киши гуманитардык жардамга муктаж деп билдирди.

Бул туурасында «Pars Today» агенттиги жазды. Лоукок бул статистиканы жарыялоо менен БУУнун Коопсуздук кенешинин мүчөлөрүн декабрда аяктоочу Сирия элине чегаралар аркылуу жарадам көрсөтүү программасын узартууга чакырды.

Ал гуманитардык жардамдардын  токтотулушу ачарчылыкка жана оорулардын жайылышына алып келет деди. «Сирия элине гуманитардык жардам көрсөтүү операцияларын, айрыкча кыш мезгили жакындап калганда токтотуу, аймакта качкындардын жаңы толкунунун пайда болушуна алып келип, дагы бир кризисти жаратат», – деп билдирди БУУнун өкүлү.

Сириядагы кризис 2011-жылы башталган, андан бери азыркы учурга чейин кризистен улам миллиондогон сириялыктар каза тапты, жаракат алды же качкынга айланды.

Комментарий жиберүү