Путин Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады

Орусиянын президенти Владимир Путин президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады.

Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Сиздин жетекчилигиңиздин астында Кыргыз Республикасы социалдык-экономикалык өнүгүү жолунда ишенимдүү алдыга жылып, регионалдык жана эл аралык иштерге активдүү катышууда. Сиздин, биздин өлкөлөрдүн ортосундагы биримдик жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөдө, ошондой эле евразиялык мейкиндикте өз ара пайдалуу интеграциялык процесстерди алдыга жылдырууда аткарып жаткан иштериңиздерди жогору баалайбыз», – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Владимир Путин кыргыз-орус күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча биргелешкен конструктивдүү иштерди жана эриш-аркак диалогду улантууга даяр экенин тастыктады.

Орусиянын президенти Сооронбай Жээнбековго чың ден-соолук, бакты-таалай, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди каалады.

Комментарий жиберүү