Түркия аль-Багдадиге жакын болгон 4 адамды кармады

Түркиянын прокуратурасы өлкөнүн ар кайсы шаарларында жүргүзүлгөн операцияда ИШИМ террордук уюмунун өлтүрүлгөн лидери Абу Бакр аль-Багдадиге жакын болгон 4 адам колго түшүрүлгөндүгүн маалымдады.

Бул тууралуу “Tasnim News” агенттиги жазды. Түрк прокуратурасынын билдирүүсүнө караганда, аль-Багдадиге жакын болгон адамдар өлкөнүн ар кайсы шаарларында, анын ичинде  Самсун, Орду жана Шанлыурфа шаарларында жүргүзүлгөн ИШИМ террордук уюму менен байланышы бар элементтерине каршы биргелешкен операцияда кармалды.

Операция учурунда жалпы 25 киши кармалды, алардын төртөөсү ИШИМдин мурдагы лидери Абу Бакр аль-Багдадиге жакын адамдар болгон. Түркия Американын ИШИМдин лидери аль-Багдади операция учурунда өлтүрүлдү деген билдирүүлөрүнөн кийин өз аймагында ИШИМдин элементтерине каршы операцияларды күчөткөн.

Комментарий жиберүү