Борбор Азияга инвестиция тартууда Казакстан менен Өзбекстан атаандашууда

Борбор Азияга инвестиция тартууда Казакстан менен Өзбекстан атаандашууда

Эл аралык валюта фондунун жогорку даражалуу расмий өкүлү Казакстан менен Өзбекстандын Борбор Азияга чет жактардан инвестиция тартуудагы атаандаштыгы эки өлкөнүн экономикасынын бекемделишине себеп болот деди. Бул тууралуу “IRNA News” агенттиги кабарлады.Эл аралык валюта фондунун (IMF) Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш боюнча жетекчисинин жардамчысы Марк Хортон бул боюнча билдирүүсүндө “Өзбекстандын сырткы инвестициялар үчүн акыркы ачылышы Борбор Азиядагы “атаандаштыкка” себеп болушу мүмкүн жана ошондой эле Өзбекстандын экономикасынын бекемделишине өбөлгө болот”, – деди. Марк Хортон Казакстандын Нур-Султан шаарындагы иш сапарынын…

Прочитайте больше

Моралес Боливиядагы кризисти чечүү үчүн БУУдан жардам сурады

Моралес Боливиядагы кризисти чечүү үчүн БУУдан жардам сурады

Боливиянын отставкага кеткен президенти Эво Моралес расмий түрдө БУУну, дүйнөдөгү католиктердин башчысы Францискти жана Европа өлкөлөрүн Боливиядагы кризисти чечүү үчүн ортомчу болууга чакырды. Бул тууралуу “Tasnim News” агенттиги “Euronews” телеканалына шилтеме берип жазды. Өткөн аптада Мексикага башпаанектеп кеткен Эво Моралес өзүнүн Твиттердеги баракчасына: “Мен Эл аралык уюмдарды, БУУну, католиктердин чиркөөсүн жана Европадагы дос өлкөлөрдү Боливиядагы тынчтык үчүн биздин сүйлөшүүлөргө кошулууга чакырам. Зордук-зомбулук коомдук жашоого жана тынчтыкка каршы чоң коркунуч болуп саналат”, – деп жазды. Боливиянын экс-президенти Эво…

Прочитайте больше

Сионисттер Кудстагы палестиналыктардын 140 үйүн талкалашты

Сионисттер Кудстагы палестиналыктардын 140 үйүн талкалашты

РТ каналы берилген маалыматтарга таянып, сионисттер 2004-2018-жылдарга чейин жылына палестиналыктардын 54 үйүн талкалап келишкенин кабарлады. Darhashiyeh: Израилдик адам укуктарынын маалыматтар борборунун (Btslym) берген көрсөткүчтөрү боюнча, сионисттик режимдин күчтөрү 2004-2018-жылдарга чейин жылына палестиналыктардын 54 үйүн кыйратышкан. Берилген маалыматтарга караштуу, сионисттер 2004-жылдан бери палестиналыктардын 946 үйлөрүн талкалашкан соң, 3 миң 118 тургундар үй-жайсыз калышкан.Белгилей кетсек, Израиль мындай саясаты менен Кудстагы палестиналыктардын жашоолоруна тынчтык бербей, аларды аймакты таштап кетүүлөрүнө мажбурлашууда.Эске салсак, сионисттик режим 1967-жылы Иорданиянын Батыш жээктерин, алардын ичинде…

Прочитайте больше

Лукашенко кийинки президенттик шайлоодо талапкерлигин коет

Лукашенко кийинки президенттик шайлоодо талапкерлигин коет

Беларустун учурдагы башчысы Александр Лукашенко 2020-жылы жайында өткөрүү пландалып жаткан президенттик шайлоодо талапкерлигин кое турганын билдирди. «Мен креслого жармашпайм. Эгер силердин буга каршы экениңерди сезсем, мен албетте, сарсанаа болом. Ошентсе да силер муну шайлоодо көрсөтүп, менин талапкерлигимди колдобой койсоңор болот», — деди ал. Беларус лидери президенттик шайлоодон кийин өлкөнүн Конституциясын өзгөртүү ниети бар экенин кошумчалады. Александр Лукашенко Беларусту 25 жылдан бери башкарып келет. 1994-жылы өлкөдө президенттик кызмат түзүлгөндөн кийин антикоррупциялык комиссиянын жетекчиси Лукашенко шайлоочулардын көбүнүн…

Прочитайте больше

Кыргызстан уран калдыктарын сактоочу жайларды реабилитациялоого 5,7 млн евро грант алат

Кыргызстан уран калдыктарын сактоочу жайларды реабилитациялоого 5,7 млн евро грант алат

Кыргызстан уран калдыктарын сактоочу жайларды реабилитациялоо үчүн 5,7 млн. евро грант алат. Мындай чечим Борбор Азия өлкөлөрүндөгү Экологиялык реабилитациялоо маселесине арналган Лондондогу жыйында кабыл алынды. Жыйынга катышкан биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бул чечим үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди: — Миң-Куш жана Шекафтар айылдарында жайгашкан мурдагы уран өндүрүшүн рекультивациялоо боюнча эки долбоорду каржылоого 5,7 млн евро бөлүү тууралуу чечими үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына ыраазычылык билдирем. Рекультивациялык иштер 2020-жылдын биринчи…

Прочитайте больше