Моралес Боливиядагы кризисти чечүү үчүн БУУдан жардам сурады

Боливиянын отставкага кеткен президенти Эво Моралес расмий түрдө БУУну, дүйнөдөгү католиктердин башчысы Францискти жана Европа өлкөлөрүн Боливиядагы кризисти чечүү үчүн ортомчу болууга чакырды.

Бул тууралуу “Tasnim News” агенттиги “Euronews” телеканалына шилтеме берип жазды. Өткөн аптада Мексикага башпаанектеп кеткен Эво Моралес өзүнүн Твиттердеги баракчасына: “Мен Эл аралык уюмдарды, БУУну, католиктердин чиркөөсүн жана Европадагы дос өлкөлөрдү Боливиядагы тынчтык үчүн биздин сүйлөшүүлөргө кошулууга чакырам. Зордук-зомбулук коомдук жашоого жана тынчтыкка каршы чоң коркунуч болуп саналат”, – деп жазды.

Боливиянын экс-президенти Эво Моралес 12-ноябрда Мексикадан саясий башпаанек алып учуп кеткен. Моралес Мексикадан билдирүү жасап, отставкага кысым астында кеткенин жана Боливия аскердик төңкөрүштүн курмандыгы болгонун белгилеген. Ал ошондой эле күрөш улана берерин айтып, саясаттан баш тартпай тургандыгын билдирген.

Мындан тышкары, Моралес өзүнүн каршылаштары Боливиядагы анын жана эжесинин үйүн тоногонун билдирип, Мексика анын өмүрүн сактап калганын белгилеген. Ал Боливиядан кете электе өлкөсүндөгү акыркы окуяларды “төңкөрүш” деп атаган.

Комментарий жиберүү