ЕБ: Батыш Шерияда шаарчаларды куруу мыйзамсыз

Европа Биримдиги Американын Израилдин шаарчаларды куруусун расмий түрдө таанууга кабыл алган чечимине жооп кайтарып, Тель-Авивдин бул аракеттери эл аралык мыйзамдарга каршы келет жана бул ишин токтотушу керек деп билдирди.

Бул тууралуу «Fars News» агенттиги кабарлады.
Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жооптуу өкүлү Федерика Могерини шейшемби күнү эртең менен билдирүү жарыялап, Американын сионист режиминин Батыш Шерияда жана Палестинанын жеке аймактарына шаарчаларды куруусун расмий таанууга чечим кабыл алганына жооп кайтарды.

Федерика Могерини Европа Биримдигинин Израилдин “Палестинанын басылып алынган аймактарында” шаарчаларды куруусунуна каршы позициясы өзгөрбөгөндүгүн баса белгиледи.
“Эл аралык мыйзамдарга ылайык, шаарчаларды куруу боюнча бардык иш-аракеттер мыйзамсыз болуп саналат”, – деди Могерини.

ЕБтин маалымат сайтынын билдирүүсүнө ылайык, “Бул иш-аракет БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2234-токтомунда дагы баса белгиленгендей, эки өлкөнүн ортосундагы маселени чечүүдө ишенимди жана аймактагы тынчтыктын келечегин жокко чыгарат”.

Могерини ЕБ Израилди милдеттенмлери боюнча шаарчаларды куруусун токтотууга чакырарын билдирип: “ЕБ эки мамлекеттин ортосундагы маселелерди чечүүгө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн маанилүү жараяндарды колдоосун улантат”, – деди.

Американын мамлекеттик катчысы Майк Помпео дүйшөмбү күнү кечинде Вашингтон Израилдин Батыш Шерияда шаарчаларды куруусу боюнча саясатын өзгөрткөндүгүн, шаарчаларды куруу эл аралык мыйзамдарды бузуу болуп саналбайт деп жарыялаган.

Америка өкмөтү буга чейин Иерусалимди Израилдин борбор калаасы деп таанырын билдирген. Ошондой эле, АКШ Палестинанын Вашингтондогу дипломатиялык өкүлчүлүгүн жаап салган.

Комментарий жиберүү