ЕБ Гонконгдогу зомбулуктардын күчөп жатышын “кабыл алынгыс” деп атады

Европа Биримдиги Гонконгдогу башаламандыктардын алкагындагы зордук-зомбулуктарды кабыл алынгыс деп билдирди.

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, дүйшөмбү күнү Европа комиссиясы Гонконгдо өкмөткө каршы нааразычылыктын күчөшүнө каршы зомбулук менен жооп берүүнү “кабыл алынгыс” деп атады жана аймактын бийлигин митингчилерге каршы ылайыктуу жооп берүүгө чакырды.

Маалыматка караганда, Гонконгдо нааразычылык акциясына чыккандар зомбулук жана зомбулук эмес деп эсептеле турган иш-аракеттерди жасашууда. Бирок, полициянын митингчилерге каршы жооп берүүсү зордук-зомбулук менен ишке ашырылып жатат.

“Reuters” агенттигинин маалыматына ылайык, Гонконгдун полициясы дүйшөмбү күнү куралчан митингчилерди таркатуу аракетинде бензин бомбаларын жана көздөн жаш чыгаруучу газ чыгарган куралдарды пайдаланышып, политехникалык университетти курчоого алышкан.

Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча өкүлүнүн басма сөз катчысы Майя Кочьянчич бул тууралуу жарыялаган билдирүүсүндө “Биз отчеттордо жарадар болгондорго жардам берүүгө аракет кылган медицина кызматкерлери камакка алынып жатканын көрдүк. Бул өтө тынчсызданаарлык”, – деди.

Гонконгдогу митингчилер беттерине бет кап кийип алышып, шаарда кыйратуу иштерин жасап жатышат жана мамлекеттик жана жеке менчик мүлктөргө зыян келтиришүүдө. Ал эми коопсуздук күчтөрүнүн жана өкмөттүн имараттарына кол салышууда.

Комментарий жиберүү