Ирандагы акыркы башаламандыктарды уюштургандар тобу кармалышты

ИИРдин Улуттук коопсуздук жана Тышкы саясат комиссиясы өлкөдөгү акыркы башаламандыктарга катышы бар “эки жүздүүлөр” тобунун мүчөлөрү кармалышканын жарыялады.

“Fars News” агенттигинин маалыматына ылайык, Жавад Карийми Куддуси агенттике берген маегинде өлкөдөгү башаламандыктардын айрым уюштуруучулары кармалганын билдирди.
Бул окуяга байланыштуу ИИРдин Улуттук Коопсуздук кеңешинин башкы катчысы Али Шамхани билдирүү жасап, бир нече  шаарларда өткөн башаламандыктарга  сырттан каржыланган “эки жүздүүлөр” тобунун катышы бар экенин белгилеген.

“Өлкөдө башаламандык баштоого чакырык салгандарга Маалыматтар министрлиги жана Сакчылар корпусу аркылуу байкоо жүргүзүлүп, колго түшүрүлүшкөн. Алар Телеграм жана башка интернеттик желелер аркылуу элди дүрбөтүшкөн”,-деди Али Шамхани.

Белгилей кетсек, Иранда бензин кымбаттоо жана квота менен берилүү чечиминен соң, өлкөдө нааразычылык акциялар тараган жана башаламандыктарга айланган.
 

Учурда  шаарлардагы ызы-чууулар тартипке салынып, башалмандыктардын уюштуруучулары кармалышкан.
ИИР өкмөтү өлкөдө бензин кымбатташы менен бирге 60 миллиондой тургундарга  2 аптанын ичинде компенсация төлөп берүү иштерин жүргүзмөкчү.

Комментарий жиберүү