Ливиянын жээгинде мигранттарды ташыган кайык оодарылып, 67 киши ажал тапты

Ливиянын жээгинде мигранттарды ташыган кайык оодарылып, 67 киши ажал тапты

Ливиянын жээгинде мигранттарды мыйзамсыз ташыган кайык оодарылып, кеминде 67 киши ажал тапканын маалымат булактары кабарлашты. Бул туурасында “IRNA” агенттиги жазды. “Al-Quds Al-Arabi” басылмасы маалымдагандай, кайык Триполинин жээгинде чөккөн, балыкчылар 30 мигрантты куткарып калышкан. Миграция боюнча эл аралык уюмдун билдиришинче, 2019-жылдын башынан бери августка чейин Жер Ортолук денизинде мыйзамсыз 578 мигрант каза тапкан. Ал эми БУУнун качкындар иши боюнча жогорку комиссариаты тарабынан жарыяланган статистикада өткөн жылы  Жер Ортолук денизинде мыйзамсыз 2 минден ашуун мигрант чөгүп кеткен. Акыркы бир…

Прочитайте больше

БУУ: Йемен согушундагы курмандыктардын жарымы аялдар менен балдар

БУУ: Йемен согушундагы курмандыктардын жарымы аялдар менен балдар

Бириккен Улуттар Уюмунун Йемендеги гуманитардык иштер боюнча координациялык кеңсеси Балдардын эл аралык күнүнө карата жасаган билдирүүсүндө Йемен согушундагы курмандыктардын  жарымы аялдар менен балдар деп билдирди. Бул тууралуу “IRNA” агенттиги “Anadolu” агенттигине шилтеме берип кабарлады. Уюмдун маалыматына караганда, Йемен согушунда каза тапкандардын 50%дан ашууну аялдар менен балдар. БУУ Йемен согушуна катыштыгы бар бардык тараптарды адам укуктары боюнча эл аралык мыйзамдарды сыйлоого жана кол салууларды жай тургундарга, анын ичинде балдарга багыттоодон алыс болууга чакырды. Улуттар Уюму буга чейин дагы…

Прочитайте больше

Орусия: Израилдин чабуулу туура болгон жок

Орусия: Израилдин чабуулу туура болгон жок

Орусиянын ТИМи Израилдин Сирияга жасаган абадан кол салуусун сындады. Бул тууралуу Mehr агенттиги Интерфакска шилтеме берип маалымдады.Орусия ТИМ жетекчисинин  орун басары Михаил Богданов сионисттик режимдин Сирияга жасаган абадан чабуулун катачылык деп билдирди. Богданов бул маселе боюнча өз шериктештери менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айта кетти. Белгилей кетсек, 20-ноябрда Сирия армиясынын Дамасктын түштүк жакаларынан аба аркылуу чабуулдарына жооп кайтарышкан.  Бул тууралуу сириялык аскердик булактар сионисттик режимдин согушкерлери Палестина жана Ливан жерлеринен пайдаланып, Дамаскка ракета аттырышканын билдирген.

Прочитайте больше

ЮНИСЕФ: Йеменде 12 млн. бала тез жардамга муктаж

ЮНИСЕФ: Йеменде 12 млн. бала тез жардамга муктаж

ЮНИСЕФ балдардын укуктары жөнүндө макулдашуунун отуз жылдыгынын алдында жарыялаган билдирүүсүндө, Йеменде 12 миллиондон ашуун баланын жашоосу коркунучта экенин жана гуманитардык тез жардамга муктаждыгын баса белгиледи. «Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Бириккен Улуттар Уюмунун балдарды коргоо фонду ЮНИСЕФ “Балдар үчүн тарыхый жетишкендиктерге карабастан, 30 жыл мурун алардын укуктары боюнча макулдашуу кабыл алынгандан бери Йемен балдар үчүн дүйнөдөгү эң начар абалдагы мамлекеттердин катарында келе жатат” – деп баса белгиледи. Йемендин расмий агенттигинде жарыяланган ЮНИСЕФтин билдирүүсүндө Йемендеги экономикалык кризис…

Прочитайте больше

Руханий лидер: Достор жана душмандар акыркы окуяда душмандарды артка чегинткенибизди билип коюшсун

Руханий лидер: Достор жана душмандар акыркы окуяда душмандарды артка чегинткенибизди билип коюшсун

ИИРдин Руханий лидери экономикалык ишмерлер жана өндүрүшчүлөр менен жолугушту. Mehr  агенттигинин маалыматына ылайык, Азирети Аятолла Хаменеи Ирандагы акыркы башаламандыктарга карата билдирүү жасады.“Достор жана душмандар билип коюшсун; биз аскердик, саясий жана коопсуздук  тирешүү чөйрөсүндө душмандарды артка чегинттик”,-деди саид Али Хаменеи. Белгилей кетсек, ИИРдин Руханий лидери Аятолла Хаменеи 19-ноябрда өлкөдөгү 2500 белгилүү экономикалык ишмерлер жана  өндүрүшчүлөр  менен жолугушуу өткөрүп, исламдык системада улуттук байлык жана коомдук бакубаттуулукту кеңейтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Ал чет өлкөлөргө үмүттөнбөө керектигин билдирип мындай деди:…

Прочитайте больше