Ливиянын жээгинде мигранттарды ташыган кайык оодарылып, 67 киши ажал тапты

Ливиянын жээгинде мигранттарды мыйзамсыз ташыган кайык оодарылып, кеминде 67 киши ажал тапканын маалымат булактары кабарлашты.

Бул туурасында “IRNA” агенттиги жазды. “Al-Quds Al-Arabi” басылмасы маалымдагандай, кайык Триполинин жээгинде чөккөн, балыкчылар 30 мигрантты куткарып калышкан.

Миграция боюнча эл аралык уюмдун билдиришинче, 2019-жылдын башынан бери августка чейин Жер Ортолук денизинде мыйзамсыз 578 мигрант каза тапкан.

Ал эми БУУнун качкындар иши боюнча жогорку комиссариаты тарабынан жарыяланган статистикада өткөн жылы  Жер Ортолук денизинде мыйзамсыз 2 минден ашуун мигрант чөгүп кеткен.

Акыркы бир нече жылда Африка өлкөлөрүнөн  көп сандаган мыйзамсыз мигранттар Европага ооп барган. Түндүк Африканын кээ бир өлкөлөрү Европа өлкөлөрүнөн 300 км.дей алыстыкта жайгашкан.

Жыл сайын Жер Ортолук деңизинде мыйзамсыз жол менен Европага бара жаткан миңдеген мигранттар сууга чөгүп каза табышат.

Комментарий жиберүү