Путин: ЕБ тарашы мүмкүн

Путин: ЕБ тарашы мүмкүн

Европа Биримдигинин мүчөлөрүнүн ортосундагы пикир келишпестиктер келечекте мамлекеттердин андан чыгышына алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин билдиргенин «Sputnik News» агенттиги маалымдады.Орусиянын мамлекет башчысынын көз карашына караганда, Европа Биримдигиндеги пикир келишпестиктер “толугу менен ачык көрүнүп турган маселелерден” келип чыгып жатат. Ал маселелердин бири Улуу Британиянын экономикасы аз өнүккөн өлкөгө ондогон млрд. доллар колдоо көрсөткөнү. Владимир Путин Чыгыш Европанын айрым өлкөлөрү 2028-жылга чейин Европанын жалпы бюджеттик колдоосун алгылары келбей тургандай дээрлик экономикалык өнүгүү даражасына жетишерин баса…

Прочитайте больше

Эл аралык коомчулук Американын бир тараптуу экономикалык аракеттерине каршы чыгышты

Эл аралык коомчулук Американын бир тараптуу экономикалык аракеттерине каршы чыгышты

Бейшемби күнү БУУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүнүн көпчүлүгүнүн добушу менен токтом кабыл алынды. БУУ кечээ, бейшемби күнү кабыл алган токтомдо айрым өлкөлөрдүн, өзгөчө Американын бир тараптуу экономикалык аракетине каршылык көрсөтүлдү.Бул тууралуу “IRNA News” агенттиги кабарлады.БУУнун Башкы Ассамблеясынын экинчи комитети жыйырма үчүнчү жыйынында “Өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө каршы саясий жана экономикалык коркутуу үчүн курал катары пайдаланган бир тараптуу экономикалык иш-аракеттерге каршы күрөшүү” деген темада уюмдун өкүлдөрүнүн көпчүлүгүнүн добушу менен токтом кабыл алынды.Баштапкы долбоору Иран Ислам Республикасы менен бирдей көз…

Прочитайте больше

Тажикстанда террорчулук боюнча соттолгондорго атайын абак курулат

Тажикстанда террорчулук боюнча соттолгондорго атайын абак курулат

Тажикстанда терроризм жана экстремизм боюнча соттолгондор үчүн атайын абак курулат. Бул тууралуу «Fars News» агенттиги кабарлады.Бул тууралуу Тажикстандын түрмөлөрүнүн башчысы Мансуржон Умаров  Дүйшөмбү шаарында өткөн өлкөнүн жаза аткаруу системасынын өнүктүрүү боюнча алгачкы конференцияда маалымдаганын «Fars News» агенттиги билдирди. Мансуржон Умаров терроризм жана экстремизм үчүн соттолгон адамдар үчүн атайын абактын курулушу коопсуздук кызматкерлеринин жана башка камалган адамдардын коопсуздугу үчүн маанилүү экенин баса белгиледи. “Азыркы учурда мындай абакты куруу боюнча долбоор даярдалып жатат. Соттолгон террордук топтордун мүчөлөрүн өзүнчө абакта…

Прочитайте больше

Орусия: Американын Ирандагы акыркы окуяларга байланышы бар

Орусия: Американын Ирандагы акыркы окуяларга байланышы бар

Орусия ТИМнин басма сөз катчысы учурда пайда болгон Ирандагы бардык маселелерге Американын аракеттери себептүү экенин билдирди. Бул тууралуу Mehr агенттиги Спутникке шилтеме берип маалымдады.Орусия ТИМнин басма сөз катчысы Мария Захарова америкалык коллегасынын Иран боюнча билдирүүсүнө карата жооп кайтарды:  Иранда пайда болгон маселелердин көбүнө Американыны бул өлкөгө каршы аракеттери себептүү. Мария Захарованын айтымында, Иранда күйүүчү майдын баасынын көтөрүлүшү Американын Иранга каршы “санкциялык оор жана мыйзамсыз кысымдарынан “ улам келип чыккан. Ал ошондой эле ирандыктардын дары-дармек, азык-түлүк жана башка…

Прочитайте больше